Окуучунун өлүмү: түркүн түкшүмөлдөр

 

Майлуу-Суу шаарында өз жанын кыйган 8-класстын окуучусунун сөөгү жерге берилди.

Укук коргоочулар окуянын себебин рекетчилик менен байланыштырып, бала кандайдыр бир басымга калгандыктан өз жанын кыйса керек деп болжоп жатышат. Бирок мектеп менен милиция мындай версияны четке кагууда.

Сүймөнкул Данияр уулу 6-декабрь күнү эртең менен Майлуу-Суу шаарындагы чоң атасынын үйүнүн жанында, газдын түтүгүнө асынган абалда табылган.

Өспүрүмдү жерге берип, аза күтүп турган туугандары окуя тууралуу кеп кылууну ылайык көрбөй, кимдир бирөөнү каралоодон алыс экенин билдиришти.

Майлуу-Суу шаарындагы №5 орто мектептин 8-классынын окуучусу Сүймөнкул 5-декабрда мектепке барып, бардык сабактарга катышкан. Бирок сабактан чыккан соң үйүнө кайтып барган эмес. Мектеп директору Бурайма Бекназарова буларга токтолду.

Майлуу-Суу

Майлуу-Суу

– 5-декабрда Сүймөнкулдун сабакка келгенин мен көргөм. Анткени ар бир баланын сабакка келгенин мен өзүм текшерип турам. Ал орто окуган, эч кимге зыяны жок жоош бала болчу. Ошол күнү сабактан чыгып үйүнө кеткен. 6-декабрда окуучу сабакка келбеген соң үйүнө балдарды жөнөтсөм апасы “билбейм” дептир. Анан аны менен телефон аркылуу сүйлөшсөм “кечинде үйгө келбеди, менин колумда жаш бала бар үчүн издеген жокмун, атасы жумушуна байланыштуу кеч келди” деди. “Эмнеге ага кабар бербейсиңер?” деп чуу көтөрүп, издей баштадык. Болбосо алар да бейкапар отура бермек.

Ошентип Сүймөнкулду эртеси күнү тууганы эч ким жашабаган чоң атасынын үйүнөн жансыз абалда таап, дароо милицияга кабарлаган. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Самара Кыдырова баштапкы иликтөөлөр жүргүзүлгөнүн жана азырынча окуяда рекетчиликтин белгилери аныкталбаганын билдирди.

Баланын жакындары “эч кимге дообуз жок” деп, милицияга арыз жазган эмес. Ошондой эле алар маркум окуучунун денесине соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө да макулдук беришкен жок. Мектепте жашы желе электер менен иштеген инспекторлор буга чейин балага рекетчилик запкысы же зомбулук болбогонун аныкташты.

Окуяга “Кылым шамы” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулова да көңүл буруп, сураштыруу жүргүзгөн. Ал Сүймөнкулдун өлүмүнө мектептеги чоңсунуу себеп болгон деген божомолго ыктап жатканын айтты:

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова

– Мага жеткен алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон бала окуган класс өзүнөн чоңдорго ай сайын 700 сомдон чогултуп бериши керек экен. Жогорку класстагылар лицейдин балдарына берет экен. Класстагы балдарга бөлгөндө ар бирине 23 сомдон тийчү экен. Бала акча таба албай, телефонун сатмакчы болуп аны да сата албай жүрүптүр. Менимче, анда акча көйгөйү болгон. Ошонун артында рекеттер туруп жатпайбы. Кесиптик лицейдин балдары мектептин 10-11-класстарынын окуучуларына чоңсунуп, салык салса, алар кайра өздөрүнөн кичүүлөрдү коркуткан.

Майлуу-Суудагы №5 мектептин жанында Электр-лампа заводунун кесиптик-техникалык окуу жайы жайгашкан. 754 окуучу билим алган №5 мектепте бир топ жыл мурда да окуучу өз жанын кыйган факты катталган.

Бирок окуу жайдын директору Бурайма Бекназарова “соңку окуяга рекетчилик себеп болушу мүмкүн” деген божомолдорду четке какты.

“Бала коркуп үйүнө барган эмес. Ата-энеси түшүнүктүү, интеллигент адамдар”.

– Рекетчилик себеп болду деген сөзгө такыр кошулбайм. Балким үйдөгү жагдай да таасир эткендир. Апасынан “Үйдө уруш-талаш болгон эмеспи?” деп сураганда ошол күнү эртең менен Сүймөнкул атасынын унаасынан 20 сом алганын айтты. Атасы ага: “Менден сурабай эмнеге аласың?” десе: “Дептерге керек” деп коюптур. Ошондо атасы “Мен сени менен мектептен келгенде сүйлөшөм” деген экен. Бала коркуп үйүнө барган эмес. Ата-энеси түшүнүктүү, интеллигент адамдар. Атасы мамлекеттик кызматта иштейт.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова болсо соңку жылдары балдардын өз жанын кыйышы олуттуу мүшкүлгө айланып баратканына токтолуп, анын чыныгы кесепеттерин аныктоого коомчулук көңүлкош мамиле кылып жатканын белгилейт. Ал балдардын ар бир өз жанын кыйган учурлары тийиштүү органдар тарабынан жакшылап иликтениши зарыл деп эсептейт.

Кемсинтүүдөн өчкөн өмүр

Эксперттер маселе кайдыгерликтен чыкканын жана коомдо бейбаш балдар активист катары баркталып баратканына кооптонууда.

– Ушул эле баланын жагдайынан карасам биздеги менталитет, кыргызчылык себеп болуп жатат. Маркумдун ата-энеси соттук-медициналык экспертизадан өткөрбөй, арыз жазбай коюптур. Факты боюнча жергиликтүү бийлик, орган кызматкерлери иш алып барса болмок. Прокуратура, милиция өз башына ашыкча көйгөйдү үйгүсү келбейт. Менин жакын адамдарымдын баласы болгону үчүн бул окуяны коомчулукка алып чыгып жатам. Болбосо мындай иштер жабылуу бойдон эле калат. Жыйынтык жок болгон үчүн суициддер токтобой жатат.

Былтыр Кыргызстанда балдар арасында 96 суицид катталган. 2015-жылы 102, 2014-жылы 106 бала өз жанын кыйган. Билим берүү жана илим министрлиги бул көрсөткүчтү азайтуу үчүн ата-энелер жана окуучулар арасында түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатканын билдирип келет.

Ушу тапта бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик органдар биргелешип ачкан, психолог-адистердин жардамына муктаж балдар үчүн “111” ишеним телефону иштеп жатат.

07-декабрь, 2017
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_suiside_mailuu_suu_2017/28903072.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*