Нарын шаарындагы борбордук аянтта «Аялдарга карата зордук-зомбулукка жол жок» аттуу 15 күндүк иш-чаранын алкагында акция өттү. Бул тууралуу Нарын мамлекеттик университетинин кафедра башчысы Айнура Айдаралиева билдирди.
Маалым болгондой, иш-чаранын уюштуруучулары студенттерге зордук-зомбулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, үгүт баракчаларын таркатышты. Акция университеттин филология факультетинин студенттери тарабынан даярдалган флешмоб менен жыйынтыкталды.
Turmush
11.12.2017
Leave a Reply