Нарын районундагы Сегизинчи март айылында жашаган 7 жаштагы Бекбол Алмамбетовго Майыптардын эл аралык күнүндө Нарын районунун социалдык өнүктүрүү бөлүмү көп функционалдуу майып араба тапшырды. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн Жийдеш Исраилова билдирди.
«Бекбол шал оорусу менен жабыркайт. Ал дайыма ата-энесинин кароосу менен жашап келет. Азыр анын кубанычы койнуна батпай турган чагы. Анын ата-энеси да кубанып, баласына көрүлгөн камкордукка ыраазы болуп, ак батасын беришти», – деди ал.
Turmush
07.12.2017
Leave a Reply