ИИМ: Майлуу-Суудагы окуучунун өлүмүнө рекетчилик себеп болгон эмес

Майлуу-Суу шаарындагы №5 орто мектептин 8-классынын окуучусу Сүймөнкул Данияр уулунун өз жанын кыюусуна мектеп рекетчилиги себеп болгон эмес. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБнын басма сөз кызматынан “Азаттык” радиосуна билдирди.

Маалым болгондой, окуучунун жакындары арыз жазуудан баш тартышкан. Милиция мектепте эч кандай рекетчилик болбогонун, мугалимдер баарын көзөмөлгө алганын билдирет.

Быйыл сентябрь айында ата-энелер чогулушунда мектептен кийин кечки саат беште үйүнө барбаган окуучуларды ата-энелер мугалимдерге билдириши керектиги белгиленген. Бирок 5-декабрда Сүймөнкул үйүнө келбегенин мугалимдерге айтышкан эмес.

07-декабрь, 2017

https://www.azattyk.org/a/28902154.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*