Акыйкатчы: “Балдарга зомбулук көрсөткөндөргө жазаларды күчөтүү керек”

Балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн адамдарга жазаларды күчөтүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 8-декабрда акыйкатчы Кубат Оторбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, балдарды зордуктоо боюнча козголгон кылмыш иштердин жарымы токтотулуп турат. Сотко жеткен учурда деле кылмышкерлер жеңил жаза алып, кутулуп кетишүүдө.

“Балдар өздөрү көрсөтмө бере алышпагандыктан алардын укугун коргоо милдети жакындарына тапшырылат. Бирок көпчүлүк учурда кылмышкерлер жабыркаган балдардын туугандары менен өз ара сүйлөшүп алып, жазадан кутулуп кетишүүдө. Жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү жазалоо болгону 3 жыл, бул өтө жумшак жаза. Биз аны 8 жылга чейин көтөрүүнү парламентке сунуштадык, ал колдоо тапты”, – дейт акыйкатчы.

Автор: Кенжебай Сатканалиев
Фото: Кенжебай Сатканалиев
08-12-2017
https://www.super.kg/kabar/news/212035/

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*