Таластагы майып балдарга белектер тапшырылды

Талас шаарынын мэриясы, социалдык коргоо башкармалыгы жана жеке ишкерлер тарабынан шаардагы майып 90 балага белектер тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаарда жалпысынан майып 781 адам жашайт. Алардын 268 жаш балдар. Маданият кызматкерлери балдар үчүн концерттик программа тартуулашты. Ар жылы шаардык бийлик тарабынан майрам сайын алардын көпчүлүгүнө белектер тартууланып келет.

Ал эми, Талас районундагы жардамчы мектеп интернатындагы балдарга №2029 чек ара аскер бөлүгү тарабынан окуу куралдары, оюнчуктар, кышкы жылуу кийимдер жана таттуулар тапшырылды. Аталган интернатта учурда 120 бала тарбияланат.

Turmush 

06.12.2017 

https://www.turmush.kg/news:336361

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*