Укугун билгенди эч ким тепсей албайт (Адвокаттын блогу)

Айнура Ибраимжанова

Юстиция министрлигинин алдындагы, Алай райондук акысыз юридикалык жардам берүү борборунун адвокаты

aynura-ibraimzhanova-foto

 

Акысыз юридикалык жардам берүү борборуна жашы 80-ге чыккан абышка араң басып келе жатыптыр. Аксакалды кабинетке жетелеп киргиздим да эмнеге келгендигин сурадым. Көпкө чейин энтигип араң сүйлөп төмөнкүлөрдү айтып берди:

“Менин атым Аман, жалгыз балам өлүп калган, анын баласын багып алганмын. Өзүмдүн турак-жайымды неберем, аялы экөө өткөзүп бер дегендиктен небереме турак-жайымды белекке бергенмин. Ал аз келгенсип пенсиямды да алар алышат. Башынан эле неберем аракты көп ичет, Келинимдин да мүнөзү корс мени жактырышпайт. Ошондой болсо да баарын ичиме жутуп, элге эч нерсени билгизбей оңолуп кетишер деп жүрдүм. Кайдан оңолсун, акыркы күндөрү такыр ачка калдым. Кечээ мени уруп салды. Башым жара болуп жүрөт.”

БИзге ар кандай оор маселелер менен кайрылышат. Бирок бул аксакалга аябай боорум ооруп, аны алгач врачка көрсөтүп, тийиштүү арыздарын милицияга жаздырдым. Пенсия боюнча да арыз тапшырдык.

Эки жумадан кийин Аман аксакал кайрадан келди. Анын турак-жайын белекке берген келишимин жокко чыгаруу үчүн сотко арыз даярдап, натыйжасында турак-жайы боюнча да чечим чыкты. Пенсиясын өзү алып жатыптыр. Небереси оңолуп калганын, аны кечиргенин айтып, мага кайра кайра батасын берип кетти.

Жогорудагыдай оор тагдыр кимди да болсо ойлонтпой койбойт, карыган аталарды, энелерди эмнеге кордойбуз. Эң жакын адамыбызды эмнеге ызаалантабыз деп ойго батасын. Келгиле кеч боло электе ойлонолу, ата-энебизди сыйлайлы. Эмне биздин жаштардын мээрими калбай калганбы? Эртенки күнү биз да карыйбыз.

Албетте ар ким балдардын ыйманын тилейт. Бирок кандай болгон күндө дагы, ар бир адам өз укуктарын колдоно билүү керек. Укугун коргой билген адамды, эч ким тепсей албайт.

06.12.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*