Мүлк маселеси мыйзам чегинде гана чечилиши керек!!! (Адвокаттын блогу)

Айнура Ибраимжанова

Юстиция министрлигинин алдындагы, Алай райондук акысыз юридикалык жардам берүү борборунун адвокаты

aynura-ibraimzhanova-foto

Алайдын климатты кышынды суук болот эмеспи. Ошондой кыштын аяздын ышкырыгы угулуп турган күнүндө мага Саламат деген жашы 25-30 дардагы келин келди.

Саламат алыскы Талды-Суу айылынан, төрт баланын энеси балдары жаш, күйөөсү өзүнүн жердеши Алмаз деген бала экен. Күйөөсү Алмаз төрөлгөндө эле тайэнеси багып алат. Алмаз тайэнеси Жумагүлдү апа катары көрүп чоңоет, тагаларын бир туугандай тутат. Жылдар отуп Алмаз үйлөнүп өзүнчө түтүн булатканда Жумагулдун баласы Чалмырза келип баардык туугандарынын көзүнчө –“Алмаз сен биздин эң кичине бир тууганыбызсын, үй салам деп жатыпсың.  Менин үйүм бар сен менин айылдагы жериме үй сала бер” – деп айткан экен.

Алмаз сүйүнүп элден бата алып тагасы Чалмырзанын жерине аялы Саламат экөө чийедей балдары менен 5-жыл ичинде үй салышат. Жумагүл эненин көзү өткөндө Чалмырза Алмазга келип –“Бул менин жерим, үйдү бошотуп бер” – дейт. Көрсө башынан ою жаман Чалмырза өз наамына катталган жерге үй салдым деп өзүнө каттатып алган экен, бирок бул тууралуу эч кимге айткан эмес. Үйдү бошотуп  берсин деп сотко да берген.

Тууган уругу, айылдыаштар келип, үйдү чынында ким салганын айтса болбой сот үйдү бошотуп берсин деп чечим чыгарган. Кыштын күнү Алмаз аялы балдары менен эшикте калган.

Саламат өзү мугалим болгондуктан мен ага айткан документтерди тез арада эле даярдап келди. Ага арызды даярдап үй салууга кеткен чыгымдарды өндүрүү боюнча сотко арыз жаздык. Соттун чечими менен Чалмырзадан акча өндүрүлдү. Айласы кеткен Чалмырза баардык соттук инстанцияларга даттанды, бирок жыйынтыгында биринчи чыгарылган чечим күчүндө калтырылды.

Азыркы заманда мүлк маселесин бир тууганың менен да мыйзам чегинде чечишип алуу абдан маанилүү. Себеби адамдардын ички ой максатын алдын ала билүү кыйын. Келгиле өзүбүздүн мүлктөрдү өз учурунда мыйзамдаштыралы.

06.12.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*