Кадамжайдагы майып адамдарга арабалар тапшырылды

Кадамжайда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге майыптардын арабалары тапшырылды. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдирди.

Маалыматка караганда, арабалар 3-декабрь — Майып адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата берилди. Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну Дилноз Маразыковага президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнгөн акчага көп функционалдуу араба алынып берилди.

Ушундай эле араба Чаувай айыл аймагынын тургуну Элхан Мелибаевге да тапшырылды.

Turmush 

04.12.2017

https://www.turmush.kg/news:336241

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*