Майыптар укугу: аткарылбаган өтүнүч

Кыргыз өкмөтү Майыптардын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялоого даяр эмес. Премьер-министр Сапар Исаков буга бюджеттин тартыштыгын себеп катары көрсөтүүдө.

Бирок бул жүйө майыптар менен жарандык активисттерди, айрым депутаттарды ынандырган жок.

Алар конвенцияны кабыл алуудан бюджетке оордук келбей турганын айтып, документти ратификациялоого бийликти чакырып жатышат.

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында бюджет маселеси каралды. Ошол жыйында премьер-министр Сапар Исаков Майыптардын укуктары жөнүндөгү Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясын ратификациялоого акча жетпесин билдирди. Документтин качан кабыл алынарын так айткан жок:

Сапар Исаков

Сапар Исаков

– Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турганда эле конвенция менен таанышып чыккам. Кабарым бар. Биз бир нече жолу чогулуп, аны ратификациялоо мүмкүнчүлүгүн талкууладык. Бирок анализдер көрсөттү. Чындыгында биз азыр экономикалык кубаттуу өнүгүү жолуна түшмөйүнчө, бул конвенцияны ратификациялоо тууралуу айтуу эртелик кылат. Реалист болуп, ишке аша турган нерсени айтуу керек. Анткени, документ көп акчаны талап кылат. Анын үстүнө жалпыга маалым, 2023-жылдан тарта биз тышкы карыздарды төлөй баштайбыз. Ал акча жылына 300 миллион долларды түзөт. Бул өтө чоң сумма.

Жыйында “Ата Мекен” фракциясынан депутат Наталья Никитенко өкмөттүн майыптар конвенциясын кабыл алууга көп деле акча кетпейт деген пикирин айтып, мамлекеттик органдардагы, маселен Бажы кызматындагы коррупцияны жоюу менен маселени чечүүнү сунуштады:

 Майыптардын укуктарын коргоо конвенциясын ратификациялоо маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Өкмөт бюджеттеги тартыштыкка шилтеме берип, ратификациялоого алып келе элек. Менимче, артка жылдыруунун кажети жок, конвенцияны бекитип берүү зарыл. Коомчулук мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын алдындагы милдетин качан аткарат деп күтүп жатат.

Кыргызстанда адам укуктары жана эркиндиктеринин азыркы абалы кандай? Кайсы маселелер көз жаздымда калып жатат?

Майыптардын укуктары боюнча конвенцияны Бириккен Улуттар Уюму 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алып, 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан ага 2011-жылы кол койгон, парламент ошондон бери документти бекитип бере элек.Конвенциянын башкы максаты – майып жарандардын тең укуктуулугуна жетишүү, аларды камсыздоо, коргоого багытталган.

Эгер, Кыргызстан бул документти ратификацияласа, бийлик майыптардын социалдык, экономикалык, саясий, маданий тармактарга аралашуусун камсыздап, дени-карды соо жарандар менен тең укуктуу болушуна шарт түзүүгө милдеттүү болот. Кыргызстанда майыптар коомчулугу бул конвенциянын кабыл алынышын алты жылдан бери саргара күтүп жатканын белгилешип, байма-бай акцияларды өткөрүп келишет.

Жүлүнүнө эт өсүп кеткендиктен, майыптар арабасына отурууга мажбур болгон 18 жаштагы Дастан Алымбеков конвенция ратификацияланып, ишке кирсе өзү сыяктуу жарандардын эмгек, социалдык укуктары корголмок деген ишеничте:

– Азыр Жогорку окуу жайда билим алам. Жакындарымдын жардамы менен окууга барам. Мага окшогон адамдардын иштөөгө каалоосу жогору. Бирок эч ким бизди ишке алгысы келбейт. Башка мамлекеттердегидей бизди деле соо кишилер менен тең карап, жумушка алышса, өз салымыбызды өлкөгө кошмокпуз. Майыптардын арасында таланттуулар көп. Бийлик коопсуздук кызматкерлерине, чек арачыларга үй берип атат. Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жетпей жатат окшойт. Буйруса, жаңы президент бизге окшогондорго деле турак жай салып берет го деген үмүттөмүн.

Кыргызстанда 177 миң майып бар. Анын 29 миңден ашууну балдар. 15 жаштагы Кирсина Алиева БУУнун Майыптар конвенциясынын кабыл алынышын чыдамсыздык менен күткөндөрдүн бири. Кирсина майып балдарга деле билим алууга, балалыкты башкалардай өткөрүүсүнө мүмкүнчүлүк болсо деп тилейт:

– Майыптыгы бар көптөгөн балдар башкаларга окшоп билим алууга, коомдук жайларда ойноого мүмкүнчүлүгү жок. Коомдук транспорт да ыңгайсыз. Бул көйгөйдү чечүүдө эң маанилүү кадамдардын бири – майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо. Балдардын үнү ар бир адамга жетип, ар бир баланын жашоосу жакшы болот деп ишенем.

Кыргызстанда майыптардын эмгек жана башка социалдык укуктары сакталбай жатканын өкмөт да моюнга алат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мүмкүнчүлүгү чектелгендер менен иштөө башкармалыгынын башчысы Чолпон Мамбетаипова менчик компаниялар да, мамлекеттик ишканалар да майыптарды жумушка алуу боюнча мыйзамдын талаптарын аткарбай жатат деп билдирди:

– “Калкты жумуш менен камсыздалышына көмөктөшүү жөнүндө” мыйзам бар. Бүгүнкү күндө жетекчилер майыптарды жумушка аз тартат. Мыйзамдын аткарылышын карап атабыз. Канча киши ишке тартылды, анын канчоосу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар экенин аныктап жатабыз.

Ал эми Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев жаңы жылдан тарта “Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет деп маалымдады.

Негизи өлкөдө майыптарга шарт түзүү боюнча мыйзамдар бар. Бирок андагы жоболор көп учурда кагаз жүзүндө эле калып жатканы айтылып жүрөт. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Майрамбек Расулов мыйзамдардын иштеши көзөмөлсүз калып жатат деген пикирде:

– Жөнөкөй эле мисал. Майыптардын административдик имараттарга кирүүсүнө шарттар жетиштүү деңгээлде түзүлгөн эмес. Көп имараттарда пандустар жок. Бар болсо да алардан майыптар эмес, соо адамдар да чыга албайт. Анан кантип мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жөнүндө сөз болсун?

Кыргызстанда майыптарга мамлекеттен берилген акча деле көңүл жылытпайт. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер абалына, тобуна жараша ай сайын болгону 2-3 миң сомдун тегерегинде жөлөк пул алып турат. БУУнун эксперттеринин эсебинде, Майыптар конвенциясын ратификациялоо үчүн мамлекеттик казынадан 30,6 миллиард сом керектелет. Бирок бул сумма он жыл ичинде аткарыла турган иштерге эсептелген.

Социалдык тармактарда мүмкүнчүлүгү чектелгендер казынадан он жылга эсептелген акчаны тапса болот деген негизде конвенцияны бекитип берүүнү талап кылууда. Эл аралык Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму да 3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнүн утурлай кайрылуу таратып, Кыргызстандын өкмөтүн документти ратификациялоого чакырды.

Нуржан Токтоназарова
03-декабрь, 2017
https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_disable_human_rights/28890512.html

1 Trackback / Pingback

  1. Люди с инвалидностью: невыполненная просьба — Доступ к правосудию

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*