Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелгендерге сый тамак уюштурулду

Жалал-Абад шаарында жаштар комитетинин демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелгендерге социалдык колдоо иш-чаралары жүргүзүлүп, шаардагы 30га жакын аярлуу жарандарга тез-татым соода жайы аркылуу сый көрсөтүлдү. Бул иш-чаралар Жалал-Абад шаарында жарыяланган мүмкүнчүлүгү чектелгендергер камкордук көрүүнүн бир айлыгынын алкагында жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев билдирди.

Жалал-Абад шаарында өз ишин жаңыдан баштаган “Faodbox” тез-татым тамактануучу жайында 30 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга сый-тамак уюштурулду. Аталган тамактануучу жайдын жетекчиси Талгат Алибековдун айтымында, бийликтер гана эмес, коомчулук, анын ичинде ишкерлер да аярлуу жарандарга колдон келген камкордугун көрүшү зарыл. Ошондуктан мындай аракеттер улантыла бериши керек.

-Бул биздин алгачкы кайрымдуулук ишибиз болуп жатат. Мындан ары да балдар жана карылар үйлөрүнө колдон келген жардамыбызды беребиз жана мунун менен гана чектелип калбастан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен тыгыз иштешебиз, – дейт Т. Алибеков.

Ал эми Жалал-Абад жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев 3-декабрда белгиленүүчү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата демөөрчүлөр менен тыгыз иштешип жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарын боюнча 2700дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Алардын 455и 18 жашка чейинкилер. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында тизмеде турган аярлуу жарандарга 500 сомдон акча каражаты каралган жана 1-2 топтогу майыптарга 5 жылда бир жолу ден-соолукту чыңдоо борборуна жолдомо берилет.

28.11.2017

https://5news.kg/ky/articles/zhalal-abadda-m-mk-nch-l-g-chektelgenderge-syy-tamak-uyushturuldu

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*