Кыргызстанда кыз-келиндерге зомбулук көрсөтүүгө каршы өнөктүк башталды

Кыргызстанда кыз-келиндерге зомбулук көрсөтүүгө каршы 16 күндүк өнөктүк башталды. Буга байланыштуу бүгүн, 27-ноябрда Бишкектеги Бириккен Улуттар Уюмунун үйүндө өлкөдөгү кыз-келиндердин абалы тууралуу маалымат угулат. Уюмдун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн координитору Нуршат Абакировдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, “Ар бир кыздын үнү угулушу керек” аттуу сүрөт көргөзмөсүндөгү сынактын жыйынтыгы чыгарылат. Иш-чарага премьер-министр Сапар Исаковдун катышары күтүлүүдө.

25-ноябрь – Аялдарга каршы зордук-зомбулукту жоюш үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга карата Кыргызстандагы аялдардын укуктарын коргоочулар жана “Феминисттик демилгелер” кыймылынын мүчөлөрү зомбулуктун курмандыктарын Бишкектин борборунда шам жагып эскеришти. Бул тууралуу “Сезим” кризистик борборунун өкүлү Гулмира Үмөталиева “Азаттыкка” кабарлады.

Аялдардын укуктарын коргоого арналган өнөктүк 10-декабрга чейин уланат. Анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту, кыз алуу качууну токтотууга арналган талкуулар, флешмобдор, семинарлар өткөрүлмөкчү.

Буга чейин Кризистик борборлор ассоциациясы өз иликтөөсүнө таянып, Кыргызстанда ар бир экинчи аял күйөөсүнүн ур-токмогуна же зордук-зомбулуктун башка түрлөрүнө кабыларын жарыялаган. Бирок укугу бузулган бардык эле кыз-келиндер тартип коргоо органдарына кайрыла беришпейт.

27-ноябрь, 2017 

https://www.azattyk.org/a/28878620.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*