Майып кыз депутаттын ордунан коомчулукка кайрылды

Кирсина Алиева

15 жаштагы Кирсина Алиева 22-ноябрда Жогорку Кеңештин депутатынын милдетин аткарып, Майып адамдардын укуктары тууралуу БУУнун конвенциясын ратификациялоого коомчулукту чакырды:

– Майыптыгы бар көптөгөн балдар башкаларга окшоп билим алууга, коомдук жайларда ойноого мүмкүнчүлүгү жок. Бул көйгөйдү чечүүдө эң маанилүү кадамдардын бири – Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялоо. Балдардын үнү ар бир адамга жетип, ар бир баланын жашоосу жакшы болот деп ишенем.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин демилгеси боюнча, 27-ноябрда Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясы парламентте каралат.

15 жаштагы Кирсина Алиева – ЮНИСЕФтин #KidsTakeOver глобалдык демилгесинин катышуучуларынын бири. Бул акциянын алкагында үнү башкаларга жетпей жаткан миллиондогон балдардын пикирлерин айтыш үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунда окуучулар ММКда, саясатта, бизнесте, спортто негизги ролдорду аткарышты.

Кыргызстан бул конвенцияга аны БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алгандан кийин беш жылдан соң 2011-жылы кол койгон. Бирок конвенциянын жоболорун ишке ашырыш үчүн аны ратификациялоо зарыл. (ZKo)

23-ноябрь, 2017

https://www.azattyk.org/a/28871168.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*