Президенттик шайлоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген байкоочуларга шарт түзүлбөгөнү айтылды

 

Президенттик шайлоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 350 адам байкоо салган. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда президенттик шайлоону байкоонун жыйынтыгына арналган жыйында “Эгль” коомдук бирикмесинин директору Чолпон Өмүрканова билдирди.

Анын айтымында, алардын толук байкоо салуусуна шайлоо участкаларында шарттар каралган эмес.

“Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген байкоочулардын айрымдары коляскада отургандыктан шайлоо тилкесине кирүүдө пандустардын жоктугу, ажатканалардын имарат сыртында болуусу чоң түйшүк алып келген. Биз муну сыноо максатында гана өткөрдүк. Бирок биздин байкоочуларыбыз да башка байкоочулардай эле кемчиликтерди көрө алышкан. Ошондуктан кийинки шайлоолордо да бул аракетти улантуу керек. Бирок алар үчүн шарттардын жоктугу көрүндү. Айрымдарына шайлоо участкаларынын өкүлдөрү тарабынан туура эмес мамиле жасалган учурлар да болду”, – деди Өмүрканова.

Жамалидин Парманкулов

16-11-2017
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/209269/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*