Керээз каттын чыры (Адвокаттын блогу)

Маматкадыр Таштанбеков, Юстиция министрлигинин алдындагы Кара-Суу райондук Акысыз укуктук жардам борбору

mamatkadyir-tashtanbekov

 

Карасуу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айыл тургунунун кайрылуусу:

Мен Мидибаева Парзад (аты өзгөртүлүп берилди) Карасуу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын жашоочусумун. Жашым 65те. Бир уул, бир кызым бар. Тилекке каршы бир жыл мурун абышкам менен кара чечекей уулум экөөнөн бирдей ажырап калдым. Уулум чет жакта иштеп келем деп күтүүсүз жерден каза таап калды. Ыйлай сыктай аны жерге бердик. Көп жылдан бери ооруп жүргөн абышкам уулумдун күйүтүн көтөрө албай көп узабай артынан кете берди. Эки адамдын ызасын жер катуулугунан көтөрдүм.

Кызым биз менен анча деле иши болчу эмес. Турмушка чыгып кеткенден кийин такыр эле кабар алмак турсун сураганга да жарабайт эле. Азыр жалгыз калдым. Ал аз келгенсип үмүтүм болгон жалгыз кызым мени өз үйүмдөн кууп жатат.

Ушул маселе менен мен сиздерге кайрылдым.

Мен жашап жаткан турак үй чалымдын наамында катталган эле. Абышкам ооруп жүргөн мезгилде кызым аны алдап керээз кат жаздырып алган экен. Мен аны билбептирмин. Чалым да айткан эмес экен.

Быйыл, пенсия алууга барсам үйдү камсыздандырууну айтышты. Көп өтпөй үйдү камсыздандырууга алып барганымда, мыйзам боюнча мурас күбөлүгүн алууну сунушташты. Нотариалдык кенсеге кайрылганымда кызыма керээз кат калтырылганын билдим. Аз өтпөй кызым да мени үйдү бошотуп коюуну талап кыла баштады. Бир топ жашка барып, бир бутум көргө барып калган учурда талаада калганы турам. Кайсыл жерге кайрылсам да менин арызымды жоопсуз калтырышууда. Ушул маселени чечүүгө жардам берүүнүздөрдү суранамын.

Жыйынтыгында: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Карасуу райондук Укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборунун юристеринин жардамы аркылуу калтырылган керээз кат сот аркылуу жокко чыгарылып, турак үй Мендибаева Пардаздын атына өткөрүлүп берилди.

17.11.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*