WhatsApp аркылуу юридикалык кеңеш беребиз (Адвокаттын блогу)

Нурмамат уулу Мухамед, Алай райондук “Акысыз юридикалык жардам борборунун” волонтер адвокаты

nurmamam-uulu-muhammed

Заман өнүккөнгө жараша  элдер да ага ылайыкташып, замандын талабы менен жашап калат экен. Ошол замандын талабы болгон интернет бүгүнкү күндө жашообуздун ажырагыс бир бөлүгүнө айланды. Ансыз жашообуз токтоп калгандай сезилет. Көчөлөрдөн, окуу жайлардан, жада калса тамак ичүүчү жайларда телефонун чукулап жүргөн жаштарды ал эле эмес улуу адамдарды да кезиктирүүгө болот. Барган сайын Кыргызстанда интернет колдонуучулардын саны өсүүдө. Статистикага таянсак  интернет колдонуучулардын саны 4 миллиондон ашты, алардын 1 миллиону социалдык тармактарда отурушат. Ошол социалдык тармактардын бири болгон WhatsApp мессенджери тиркемеси Кыргыстанда эн популярдуу тиркемелердин бири болуп, жашы, карысы дебей пайдаланып жатышат.

Алай райондук акысыз укуктук кеңеш берүү борбору райондук борбордо жайгашып,  кайрылуучулар алыскы айыл өкмөттөрдөн да келгендиктен, укуктук кеңешти оной жол менен алышы үчүн, WhatsApp мессенджери тиркемесин иш бөлмөбүздөгү компьютерге орнотконбуз. Ага уюлдук операторлордун биринин номеринен каттатып, катталган номерибизди кайрылуучулар билүүсү үчүн мекеме жетекчилеринин чогулушунда кулактандыруу жасап, ал менен бирге ар бир айыл өкмөтүнүн имаратына WhatsApp мессенджери тиркемеси аркылуу юридикалык акысыз кеңеш бере тургандыгыбыз боюнча маалыматтарды илип койдук. Ошол күндөн баштап бизге Whats App мессенджери тиркемеси аркылуу  кайрылуучулар өзүнүн көйгөйлөрү боюнча кайрыла баштады.

Азыркы учурда интернетти ар экинчи  адам пайдалангандыктан калктын укуктук көйгөйлөрүн чечүү үчүн мыкты курал болуп бере алды. Биздин райондо калктын көпчүлүк бөлүгү социалдык тармактардан WhatsApp мессенджери тиркемесин пайдалангандыктан калктын аярлуу катмарынын укуктук көйгөйүн чечүү үчүн Whats App мессенджери тиркемеси  чон кызматты аткарып келе жатат.  Райондогу кээ бир айыл өкмөттөр райондун борборунун 100-120 км алыстыкта жайгашкандыктан, жолдун узактыгынан жана каражат маселесинин тартыштыгынан өзүнүн укуктук маселесин чечүү үчүн келе беришпейт. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, карылар, жумушунан бошобогондор укуктук кеңешти үйүндө олтуруп,  эч жакка чыкпастан, убактысын, акча короспостон консультация ала алышат. Whats App мессенджери тиркемеси орнотулгандан тартып, күн сайын эки үч суроо түшүп турат. Бул да болсо  укуктук көйгөйлөрдү чечүүдөгү аз да болсо жетишкендиктик деп ойлойм.

15.11.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*