Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын маданий фестивалы башталды

Бишкектеги “Диалог” маданият үйүндө жыл сайын өтүүчү “Солнце светит всем одинаково!” аталышындагы фестивалдын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган фестиваль ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында өтөт. Иш-чара 17-ноябрга чейин уланып, анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын колунан жаралган тиричилик буюмдар, сүрөттөр арасында жарыш өтөт. Фестиваль шаардык мэриянын колдоосунда бул жылы 19-ирет уюштурулууда.

“Фестивалга катышуу үчүн 1802 арыз келип түшкөн. Ага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көйгөйлөрүн чечүү иштери менен алектенген 11 балдар уюму, улуу адамдардын 6 уюму жана 9 коомдук уюм катышат. Калыстар тобуна КРнын эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер, атайын орто жана жогорку окуу жайлардын кафедра башчылары кирет”, – деп жазылат мэриянын маалыматында.

Фестивалдын соңунда ири программадагы концерт өтүп, анда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

Автор: Кызжибек Раимова

14-11-2017
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/208995/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*