Бүгүн, 10-ноябрда Баткендеги майып жубайлар Элмурат Гаипов менен Кундуз Маматовага жардам көрсөтүү максатында өткөрүлгөн марафондо 278 миң сом топтолду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Марафонду уюштуруучулардын бири Хаит Айкыновдун айтымында, иш-чара саат 10:00дө башталып, 18:00дө аяктады. Топтолгон акча жубайлар үчүн курулуп жаткан үйдү бүтүрүүгө жумшалат. Буга чейин жубайлар үчүн кайрымдуу адамдардын бири 700 миң сомго үй салдыра баштаган. Курулуштун 70%ы аяктаган.
Жубайлар жардам берген элге, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.
Turmush
10.11.2017
https://www.turmush.kg/news:334848
Leave a Reply