Эркектер да коргоого муктаж (Адвокаттын блогу)

Тамара Бегимкулова, Юстиция министрлигинин алдындагы Ош шаардык Акысыз укуктук жардам борборунун адвокаты

tamara-begimkulova

Коомдо аялдар элдин коргоого муктаж катмарына киргендиги менен, азыркы күндө аялдарга болгон приоритет- камкордук-аялдар тарабынан агрессиянын туу чокусуна чейин өсүп жетилүүcүнө алып келип, эркектер, аталардын укуктары мыйзам тарабынан корголгон эмес.

Аялдардын үй-бүлөнү сактоого, баланын толук үй-бүлөдө чоңойтконго аракетинин  жоголуусуна азыркы кээ бир мыйзамдар шарт түзүп жатат. Эне эмнени ойлоп жатат? Эки-үч балалуу болгондон кийин мүлк бөлүүгө, мүлккө ээ болууга, алимент алууга,  жалгыз бой жашоого, жубайына камкордук көрүүнү туура көрбөшүнө, баланын толук үй-бүлөдө чоңойтконго аракетинин жоголуусуна алып келип жатат. Баланын толук үй-бүлөдө чоңойбогондугу эртең коомубузга психологиялык сокку урган жарым-жетимдердин коомуна айланышына алып келет. Жумушсуз жүргөн ата орточо жашоо минимуму боюнча балдарына алимент төлөшү керек. Ата кайсы кирешеден алып төлөйт?

Эркектердин коомдогу ордунун пассивдүү болушуна, аракечтикке берилүүсүнө, коомдун бузулушуна алып келет. Батыш өлкөлөрүндө коомдо жат көрүнүштөрдүн пайда болуусу, эркектин  аял кейпине өтүүсү, гомосексуалистердин пайда болуусу, эркектердин коомдогу өзүнүн ордун жоготуусу болуп саналат.

Коомго оң таасирин тийгизбеген мыйзамдардын кабыл алынуусу – кыз ала качкандыгы үчүн эркектердин кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу жөнүндөгү мыйзам кылмыштын санынын өсүүсүнө, шантажга, жигиттердин жөн жерден камалуусуна алып келди.

Мыйзам чыгарууда мыйзамдын коомго алып келген оң, терс таасирлерин, ал мыйзамдын кесепеттерин, коомдук тарбиялык маңызын карап кабыл алынуусу эске алынса жакшы болмок. Ата-энеден балага өндүрүлүүчү алименттин өлчөмүн кайра карап, бүгүнкү күндүн талабына, турмушта колдоноорлук мыйзам кабыл алуу учурдун талабы. Балдарды өзү бакпай, Россияда иштеп жүргөн энеге канча өлчөмдө алимент өндүрүлөт?

Россияда балдарын таштап иштеп кеткен энеден баланы  алып, атасынын тарбиясын алууга мүмкүнчүлүк берүү, коммерциялык иштерде иштеген, кирешелүү атадан жана ошондой эле эч жерде иштебеген атадан же энеден алимент өндүрүү ыкмалары кайра каралууга жатат.

11/11/2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*