Фото — Сузакта 4 майып жашаган Ж.Хидировдун үй-бүлөсүнө чет өлкөдөгү мекендештер үй куруп беришти (видео)

 

Бир үй-бүлөдө төрт мүмкүнчүлүгү чектелген адамды багып, кыйынчылыкка карабай коломтосун сактап келе жаткан «Жеңеке» рубрикасынын каарманы Ширинбү Аданованын үйлүү болсом деген кыялы орундалды. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы бул үй-бүлөдөн кабар алды.

Сузак районуна караштуу Октябрь айылында 12 жылдан бери бирөөнүн 2 бөлмөлүү үйүндө жашоо кечирип келишкен Хидировдордун үй-бүлөсү эми 5 бөлмөлүү жаңы үйгө ээ болушту. Бул үй-бүлөнүн кубанычына Россияда иштеген мигранттардын «Кайрымдуу бол» фонду аркылуу каражат топтоосу жана кайрымдуу жарандардын колдоосу себеп болду.

Маалым болгондой, коомчулуктун колдоосуна муктаж болгон үй-бүлөнүн жашоосу тууралуу Turmush басылмасы жарыялагандан кийин бул үй-бүлөгө колдоо көрсөткөндөр четинен чыга баштаган. Колдоо көрсөткөндөрдүн арасында ысымын айтууну каалабаган демөөрчүлөр да болуп, азыктарды беришсе, айрымдары усталардын акысын да берип кетишкен. Ошондой эле, Октябрь айылынын Медер Сапарбаев аттуу тургуну шагыл таш ташытып берсе, ошол эле элеттин жашоочулары ашар ыкмасы менен пайдубалын тургузуп беришкен.

Арабада отурган жолдошу менен кайненесин сыртка алып чыгууда кыйналган Ш.Аданованын кубанычында чек жок.

«Мурун жашаган үйдүн ээсине чоң ыраазычылык билдирем. Ал үйдүн тепкичтери бийик болуп, майып араба менен жолдошумду, кайненемди сыртка алып чыгууда кыйналчумун. Жолдошум таксист болуп иштегендиктен аны күн сайын жумушка узатууда, өзгөчө кыштын күндөрү кыйын болчу. Бизге арналып курулган үйдө пандус да курулуптур, эми кайненем менен жолдошумду эшикке алып чыгууда кыйналбай калдым. 2 бөлмөлүү үйүм болсо деп тиленчүмүн, кайрымдуу адамдардын жардамы менен чоң үйлүү болуп калдык. Колдогондордун баарына ыраазычылык билдирем», – дейт ал.

 

Заманбап үйлүү болгон түгөйлөрдүн балдарына да ар тараптуу колдоолор көрсөтүлгөн. Тун кызы Айсулуу Зуура Нематова атындагы лицейде, уулу Элистан балдар лицейинде билим алууда. Лицей жетекчилигинин колдоосу менен бир туугандар акысыз билим алып жатышат.

Кезегинде коомчулуктан мындагы үй-бүлөнүн улуусу же Ширинбү Аданованын кайненеси Сурмакан Хатамова оор шартта жашап жатышканын, үй ичинде жарака көп болгондуктан жаан-чачын жааган күндөрү уктабай чыга турганын, неберелери үчүн өзгөчө кооптоноорун айтып, мамлекеттен болгону мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ылайыкташкан араба сурап, көзүнө жаш алган эле. Анткени ал мурунку арабасы менен эркин жүрө албай, уулуна да араба керек болгондуктан үйүнө шашып келчү.

Бул үй-бүлөнүн мүчөлөрү «Асыл-Ай» мүмкүнчүлүгү чектелген коомунда мүчө болгондуктан бул коомдун жетекчиси Жумакан Жаркулованын аракети менен араба муктаждыгы чечилген эле.

Андан сырткары, ошол эле айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пайдаланууга берилген өнөр борборун Хидировдорго берүү демилгесин көтөрүп, айыл өкмөт колдоого алган. Хидировдордун жашоосунан өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев да кабар алып, 30 миң сом акчалай колдоо көрсөткөн.

Жаңыдан бүткөрүлгөн үйгө той берилип, колдоо көрсөткөндөр келип, өздөрүнүн каалоо-тилектерин билдиришти. «Кайрымдуу бол» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Азамат Байматов чет жакта иштеп жүргөн мекендештердин салымын белгилеп, колдоого муктаж жарандарга колдон келген аракеттерин жумшай беришээрин белгиледи.

Эске салсак, Жеңиш Хидиров менен Ширинбү Аданованын турмуш кургандарына быйыл 14 жыл толот. Бул түгөйлөрдүн 2 уул, бир кызы бар. Кожоюн Жеңиш Хидиров, апасы Сурмакан 1-топтогу, карындашы Айпери жана кызы Айсулуу 2-топтогу майыптар. Үй-бүлө түйшүгүн тарткан Ш.Аданова балдарынын амандыгын тилеп, аруу максат менен жашап келет. Үй оокатын, талаа ишин да бүткөрүүгө жетишкен Ш.Аданова тууралуу буга чейин Turmush басылмасы жазган.

 

 

«Кайненем дагы оорудан улам 2006-жылы майып арабада отуруп калды. Андан кийин жолдошум да майып араба менен жүрүүгө мажбур болду. Ошого карабастан унаабыз менен үй-бүлөбүздү багып жатат. Мен үй жумушунан бошобойм. Эртең менен арабадан унаасына отургузуп коём, кечинде тосуп алам. Кайненем үйдө отурат, аны жуунтуп турам. Башында кыйналып жүрдүм, азыр көнүп деле калдым. Кээде кыйналган учурлар болот, жакшылыктан үмүт үзбөш керек, жолдошумдун басып кетээрине үмүт кылам. Аллахым сүйгөн пендесине кыйынчылык берет, аны жеңе билүү керек. Балдарымдын, бүлөбүздүн амандыгы мен үчүн маанилүү», – дейт Ш.Аданова.

Ошондой эле Жеңишбек Хидировдун үй-бүлөсүнө чет элдик мекендештер үй куруп жатышкандыгы да маалымдалган. Курулуштун жүрүшү менен облус жетекчиси К.Сатыбалдив, Сузак районунун акими А.Маматов, Багыш айыл аймагынын башчысы Р.Мырзабековдор кабар алышкан.

 

Буга чейин Жеңиш Хидировдордун үй-бүлөсү бирөөнүн 2 бөлмөлүү үйүндө жашап келишкен.

Алар үйдүн абалы оор, шарты жок болсо да акысыз жашап жатканына ыраазы. Үйдүн көрүнүшү, шарты ыңгайсыздык жаратканы менен үй-бүлөнүн ынтымагы, жашоого болгон позитивдүү көз караштары барган адамга жылуулук тартуулайт.

Учурда алар жашаган үйдүн кире беришинин шыбы түшкөн абалда турат. Турак жайдын ичинен майда жаракалар кадам аттаганда эле көрүнүп турса, уктоочу бөлмөдөгү шыбында узунунан кеткен майда жарака кооптуулукту жаратууда. Бул үйдүн эң улуусу 58 жаштагы Сурмакан Хатамова үйдүн абалы ойлондуруп жатканын жашырган жок.

«Үй ээсине рахмат, ушул үйдө акысыз көп жылдан бери жашап жатабыз. Тынымсыз жааган жаан-чачын да үйгө таасирин берип жатат. Кокустан катуурак жер титирөө болсо балдарым, неберелерим кырсыктап калабы деп ойлоном. Ушул жаткан бөлмөбүздүн үстү түшпөсө экен деп кудайдан тиленип отурам, жамгыр жааган күнү уйку деле жок», – дейт Сурмакан апа.

Turmush 

08.11.2017

http://www.turmush.kg/news:334671/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*