Балага кимдин укугу көп – атанынбы же эненинби (Адвокаттын блогу)

Тамара Бегимкулова, Юстиция министрлигинин алдындагы Ош шаардык Акысыз укуктук жардам борборунун адвокаты 

tamara-begimkulova Азыркы күндө соттордун практикасында орчундуу маселеге айланган көйгөйлөрдөн болуп саналган ажырашкан жубайлардын ортосундагы баланы бакканга алуу маселеси болуп турат. Баланы бакканга алуу маселелер боюнча мамлекеттик органдардын компетентсиз, жоопкерсиздик менен түзүлгөн  корутундулары жубайларды кагылышууга жана көптөгөн убакытка созулган соттук териштирүүлөргө алып келип жатат.

2016-жылдын март айында Сузак районунда жашаган 2 баланын энеси балдарын таштап, Россияга иштегени кетип, 2016-жылдын июль айында келген. Балдардын бирөөсү 1,5 жаштагы тубаса майып бала (ДЦП), эненин камкордугуна өзгөчө муктаж болгон. Бала кароосуз калып, оор абалда атасына алып берилип, энесине багууга берилбесин деген чечим чыгарылган. Андан он күн убакыт өткөндөн кийин Сузак райондук мамлекеттик социалдык өнүгүү башкармалыгы кайрадан энесинин колуна берсе болот деген корутунду чыгарган. Бул тууралуу баланын атасына маалымат берилген эмес. Натыйжада соттук териштирүүлөр бир жарым жылга созулду.

Баланы багуу боюнча маселелердин курчуп кетиши мамлекеттик кызматкерлердин өз милдетине, жарандардын тагдырына кайдыгер мамиле жасагандыктан болду. Жубайлар алардын өкүлдөрү үчүн көптөгөн машакаттарды, убаракерчиликтерди алып келди. Бул эмнеден кабар берет?

Мыйзамдардын так аткарылбай келиши, мамлекеттик кызматкерлерге болгон талап боюнча мыйзамдын чийкилиги жана баланы коргоо боюнча мыйзамдардын азыркы учурдун талабына шайкеш келбей калгандыгын далилдейт. КРнын үй-бүлө Кодексинде көрсөтүлгөн талап боюнча ата-эне баланы тарбиялоого бирдей укукка ээ. Бирок атанын укугу сакталып жатабы? Соттор тарабынан бала энеде болуусу керек деген, дагы 80-90 пайыз укугу бар деген кайсы мыйзам менен белгиленген? Судьялар мыйзам менен менталитетти чаташтырып алгандай көрүнөт. Балага эненин мээриминин жоктугу, аларды таштап узак мөөнөткө кетип калганы – биздин келечегибиз болгон эртеңки өсүп келе жаткан балдарыбыздын тарбиясына чоң сокку уруп, эртең эч кимди аябаган, зөөкүр адамдар менен коомубуз толукталышына шек жок.

Эненин укугун бекемдеген мыйзамдарыбыз жетишээрлик, бирок энеге талап койгон, эненин милдети боюнча азыркы коомго шайкеш келген мыйзамдар жокко эсе.

10.11.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*