ЖОЛ-ТРАНСПОРТ КЫРСЫГЫНЫН КҮНӨӨКӨРҮ ОКУЯ БОЛГОН ЖЕРДЕН КАЧЫП КЕТСЕ ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК? (Адвокаттын блогу)

Төлөгөнова Гүлзат

“Тилектештик автобусу” долбоорунун юристи

tologonova

  1. Дароо токтоп, жолдоо жүрүү эрежелеринин 7.1 жана 7.2 пункттарын кармануу керек, атап айтканда, авариялык жарык сигнализациясын жандырып, авариялык токтоо белгисин коюу зарыл.
  2. Жол-транспорт кырсыгын көргөн жана качып кеткен автомобилдин номерин көрүп калышы мүмкүн болгон күбөлөрдү издеп, аларды МАИ инспекторлору келгенче тура туруусун сурануу же алардын байланыш телефондорун алып калуу керек. Тегеректе видеокамералар бары-жогун караштыруу зарыл.
  3. МАИни чакыруу керек. Андан ары административдик иликтөө жүргүзүлөт. Иликтөө учурунда суракка мурда суралбаган күбөлөрдү алып баруу же болуп калса жол кырсыгынын видеосун берүү керек. Иликтөөчүдөн жол кырсыгы болгон жер камерасына түшүп калышы мүмкүн болгондордун видеожазуусун суроону өтүнүү зарыл. Иликтөөнүн натыйжасы акыркы чечимди чыгаруу үчүн ишти соттун кароосуна өткөрүп берүү же күнөөкөр табылбаганына байланыштуу иш боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу токтом болуп эсептелет. Иш боюнча өндүрүш токтотулган учурда токтом чыгарып беришет. Ал токтомдо качып кеткен автомобилдин айдоочусу бузган эреже аныкталып, ошол бузуу жол кырсыгына алып келгени тууралуу тыянактын болушу маанилүү. Токтомду сот чыгарган учурда да качып кеткен автомобилдин айдоочусу бузган эреже аныкталып, ошол бузуу жол кырсыгына алып келгени тууралуу тыянак болушу зарыл.
  4. Эгерде качып кеткен айдоочунун күнөөсү аныкталбаган токтом чыгып калса, анда анын күнөөсүн автотехникалык экспертизанын жардамы менен жарандык иште далилдөө керек.
  5. Качып кеткен айдоочунун күнөөсү аныкталган токтом чыгып, ал айдоочу аныкталган учурда келтирилген зыянды төлөтүү үчүн жол кырсыгынын күнөөкөрүнө сотко чейинки тартипте да, сотко доо тартиби менен да кайрылууга болот.

06.11.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*