Көйгөйдүн булактары: алар кайсылар? Таанып-билип алгыла (Адвокаттын блогу)

Төлөгөнова Гүлзат Саматовна

“Тилектештик автобусу” долбоорунун юристи

 

“Тилектештик автобусу” долбоорунун отчетун талдап чыгып, жарандардын суроолорун шарттуу турдө 7 типке бөлдүк:

  1. норма жасоочу укуктук актылар боюнча түшүндүрүү;
  2. түзүлгөн кырдаалда алар туура аракет жасап жатканына ишенүү;
  3. сот органдары аркылуу гана чечилүүчү маселелер;
  4. укук коргоо органдары аркылуу чечилиши мүмкүн болгон маселелер;
  5. жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары аркылуу чечилиши мүмкүн болгон маселелер;
  6. норма жасоочу укуктук актылардагы карама-каршылыктардан келип чыккан маселелер;
  7. коомдо ызы-чуу жаратпай чечилиши мүмкүн болбогон маселелер.

Норма жасоочу укуктук актыларды түшүндүрүү боюнча биринчи маселе калктын укуктук аң-сезимин жогорулатуу зарылдыгына барып такалат. Ал актылар боюнча түшүнүк алгандардын көбүндө кыйынчылыктарга карабастан адилеттүүлүк үчүн мыйзамдуу жол менен гана күрөшүү каалоосу пайда болот. Бул боюнча “Тилектештик автобусу” долбоору өз максатына жетти деп эсептейм.

Маселелердин экинчи тиби мамлекеттик органдарга жана алардын өкүлдөрүнө ишенимдин жоктугун көрсөтөт. Кайрылгандар адистен же көз каранды эмес тараптан жардам суроо эч бир ашык болбосун түшүнүшөт.

Маселелердин үчүнчү тиби суроолордун эң көбү, анткени толгон талаш-тартыштын акыркы инстанциясы сот болуп эсептелет. Иштин мындай жагдайынын терс жагы да бар. Мисалы, Военно-Антоновка айылында жашаган бир аял анын мыйзамдуу үлүш жерине курулуш кура баштагандарды эмне үчүн соттун чечимисиз эле кубалап жибере албайм деген суроо менен кайрылган. Ал көптөгөн мамлекеттик жана укук коргоо органдарына кайрылса алардын баары бул жарандык иш болгондуктан эч кандай жардам бере албайбыз деп коюшкан. Башкача айтканда анын укуктары бузулган. Ошондуктан ал сот органдарына кайрылууга аргасыз болгон. Өлкөдө мындай учурлар өтө көп. Азыр сот процесси жүрүп жатканына карабастан мыйзамсыз курулуш иштери баштагыдай эле уланууда.

Маселелердин төртүнчү тиби укук коргоо органдарынын аракетсиздиги менен байланышкан. Мисалы, бир аял алимент төлөөдөн качып жүргөн кишиге издөө сал деп милицияга кайрылган. Милиция анын арызын кабыл алат, бирок кылмыш ишин козгоо тууралуу эч иш жасабайт.

Маселелердин бешинчи тиби тажрыйбасыздык, мыйзамдарды билбестик, анын ичинде мыйзам боюнча өзүнүн кызматтык милдеттерин жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн милдеттерин билбестик менен байланышкан. Мындай абал кызматка квалификациясыз кадрларды коюудан, ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу өкүлдөрүнө карата квалификациялык талаптын төмөндүгүнөн келип чыккан.

Маселелердин алтынчы тиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чийкилигине байланышкан көйгөйлөр.

Маселелердин жетинчи тиби калктын социалдык-экономикалык абалы, бюрократия, тигил же бул маалыматты берүү механизминин татаалдыгы, ошондой эле коомдогу айрым көйгөйлөргө болгон өзгөчө көз караштар менен байланышкан.

Бул көйгөйлөрдүн баарын таанып-билип эле тим болбостон, алардын келип чыгышынын башкы себеби болгон жоопкерсиздикти жок кылуу керек. Бардык маанидеги жоопкерсиздикти. Анткени мыйзамды билбөө жоопкерсиздиктен бошотпойт. Жоопкердүүлүк бир адамдын эле эмес, бүтүндөй бир мамлекет деген институттун иш-аракети менен ниетин да түшүндүрөт.

06.11.2017

 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*