Бир үй-бүлөө – бир мамлекет (Адвокаттын блогу)

Нурмамат уулу Мухамед,  Алай районунун Акысыз юридикалык жардам борборунун волонтер юристи

nurmamam-uulu-muhammed-3

 

Өзүмдүн жумуштарым менен Алай райондук сотунан чыгып бара жатсам жашы 35-40 чамасындагы киши соттун кире беришинде жайгашкан олтургучта маанайы жок, башында  оор кыйынчылгы бар адамдай олтурганынын көрүп, кайдигер карай албадым. Жанына отуруп таанышып калдым. Аты Бектурган экен. Өзүмдү тааныштырып, кайда иштеримди  айттым.

Кайгысынын себебин ал киши оор үшкүрүп алып айтып берди: “2006-жылы кошуна айылдан Кармышакова Лена аттуу кыз менен баш кошуп, бирге түтүн булатып жашаган убакта  2007-жылы Бактыбек аттуу уулду болгонбуз. Башында жакшы жашап жүрүп пикир келишпестиктен улам ажырашып кеткенбиз. Балам жаш болгондуктан аялым менен кошо кеткен. Мен башка аялга үйлөнүп 4 балалуу болгонмун. Биринчи баламдан да кабар алып турчумун. 2015-жылы биринчи жубайым балама алимент өндүрүү боюнча арыз менен кайрылып,  менин пайдамдан 4/1 бөлүк өлчөмүндөгү алимент өндүрүү жөнүндө соттук буйрук чыгарыптыр, бирок  бул боюнча мага бир жарым жыл аралыгында сот тарабынан эч кандай билдирүу, чакыруу келген эмес. Бир күнү мага сот аткаруучулар тарабынан чакыруу келди. Чакырууну алып сот аткаруучулар бөлүмүнө келсем,  менин алименттен 50 мин сом карыз экендигимди жана мындан ары ар ай сайын 3200 сомдон алимент төлөшүм керектигин айтышты. Акчаны жакынкы күндөрү төлөбөсөм кылмыш иши козголушун эскертишти. Мен өзүм эч жерде иштебейм. Төрт балам бар. Алардын жөлөк пулу менен күн кечиребиз. Макул балам учун 50 мин сом акчаны эки малым бар ошолордун бирин сатып төлөйм, эч жерде иштебесем айына 3200 сомду  кайдан табам, кедейге бир сом болсо да акча деп кыжалат болуп олтурам”, –  деп айтып калды.

Анан мен ал кишиге жардам бере ала тургандыгымды билдирип, Алай районунда жайгашкан акысыз юридикалык жардам берүү борборуна келип, ал кишиге алименттин өлчөмү кандай учурда азая тургандыгын,  ал боюнча сот органдарына кайрыла тургандыгын айтып, тиешелүү документтерди даярдап келишин түшүндүрүп жөнөттүм.  Үч күндөн кийин документтерди топтоп келгендиктен алименттин өлчөмүн азайтуу боюнча сотко кайрылып, сот отурумунда сот арыз ээсинин балдарын оор жашоо шартын эске алып, алименттин өлчөмүн азайтып берди.

Азыркы учурда коомдун эң коркунучтуу көйгөйлөрүнүн бири болуп жаткан ажырашуу маселеси. Үй-бүлөө бул кичинекей мамлекет, кичинекей мамлекеттерден Кыргызстан мамлекетибиз куралып жатат. Айрым аталар балдарынын астындагы милдетин аткаруу үчүн алимент төлөй албай карызга батып жатышат. Ошондой эле көбүнчө жумуш жоктугунан эч жерде иштебегендиктен статистикалык маалыматтын негизинде чегерилген алименттин өлчөмү, айылда жашаган жарандарга бир үй-бүлөөнүн бир айлык кетирген чыгымы менен барабар болуп, колунда жок үй-бүлөөлөргө алимент төлөй албай жатышат.

Кедейге бир сом болсо да акча дегендей учурда ажырашуунун көптүгүнүн айынанан апалар балдарына алимент өндүрүү дагы көбөйүүдө. Бирок бир баласына алимент төлөш үчүн үйүндөгү 4 баласы ачка калып жатканы эч кимди кызыктырбайт. Ошондуктан кичинекей мамлекет болгон үй-бүлөөлөрдү бөлүндүрбөй сактап калуу биздин парз.

22.09.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*