Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги: “Ноокаттагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам берилет”

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Ноокат районунда бир үй-бүлөдө жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 4 адамга жардам берет. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Кыргыз-Ата айылында бир үй-бүлөдө жашаган адамдардын майыптыгын текшерүү боюнча министрликтен Ноокат райондук медициналык жана социалдык экспертиза комиссиясына тапшырма берилди. Алар Каныбек Бегалиевдин үй-бүлөсү тийиштүү кызматтарга кайрылбагандыгын айтышты. Ошол эле учурда үй-бүлө башчысы Каныбек Бегалиевдин паспорту жок экендиги аныкталды. Социалдык коргоо башкармалыгы паспорт алууга жардам берет. Мындан сырткары алар кандай шартта жашай турганы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп, майыптыгы боюнча документ алууга да жардам берет”, – деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз-Ата айылында Каныбек Бегалиевдин үй-бүлөсүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 4 адам жашаары, алар майыптыгын тастыктаган документ ала албай жатканы кабарланган.

Автор: Акназар Сулайманкулов
14-09-2017
https://www.super.kg/kabar/news/201883/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*