Документти өз учурунда жасоону элдин маданиятына сиңирүү керек (Адвокаттын блогу)

Нурмамат уулу Мухамед, Алай райондук “Акысыз юридикалык жардам борборунун” волонтер адвокаты

nurmamam-uulu-muhammed-1-300x291

 

Укуктук борборго жардам сурап кайрылган жарандардын көпчүлүгүнүн көйгөйлөрү документтерди өз учурунда жасабагандыгына байланыштуу болот. Ар кандай документтерди, өзгөчө туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок жарандардын күбөлүк алуусуна эң негизи калктын укуктук маданиятынын төмөндүгү, билбестиги, документтерди убагында жасоого кайыр кош мамиле кылуусу, акча каражаттын жоктугу жана башка факторлор таасир этүүдө.

Албетте укуктук борборлордун жардамы менен  мындай маселелер чечилип келет. Бирок убагында жасалбаган иш, кийин көптөгөн кыйынчылыктар менен чечилээрин, айрым учурда сот аркылуу дагы чечүү кыйын болуп калаарын, мунун кесепетинен балдардын ар кандай укуктары бузулуп, келечегине терс таасир тийгизээрин ар бир адам, өзгөчө ата энерелер эске алуу керек.

Кыргыз Республикасынын статистикасы боюнча 7 миндей бала туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн ала албай келишет. Мунун негизги себептери  үй-бүлөөнүн бузулушу, ата-эненин кайдыгер мамилеси, турмуш шарттын оордугу, тоолуу аймакта жашагандыктан баланын үйдө төрөлүшү, ата-энесинин жоктугу же чет өлкөгө мигрант катары иштеп кетиши.

Туулагындыгы тууралуу күбөлүгу жок балдар, адатта ооруканага кайрылганда, мектепке орноштурганда, паспорт алуу учурунда көптөгөн кыйынчылыктарга  дуушар болот.

Мисалы, Алай районунун Гүлчө айылынын жашоочусу,  Мисирова Жыпаргулдүн (аты өзгөртүлүп берилди)  иниси аялы менен ажырашып кетип алардын 3 баласын 2006-жылдан бери багып келет. 3 баланын эң кенжеси Бишкек шаарынын батирлеринин биринде туулган.

Натыйжада балага 11 жыл күбөлүк ала албай келишкен. Буга акча каражаттын жетшсиздиги, туулгандыгы тууралуу медициналык кагаз алынбаганы, апасынын паспортунун жоктугу жана эң негизги себеп өз укугун билбестиги, ата-эненин кайыр кош мамилеси негизги себеп болгон.

Бул боюнча Алай району боюнча Акысыз юридикалык жардам берүү борборунун юристи, инисинин ажырашып кеткен аялынан сотко катышуу боюнча ишеним кат алып, Алай райондук сотуна туулгандыгы тууралуу фактыны аныктоо боюнча арыз менен кайрылып, туулгандыгы тууралуу фактысы аныкталып, соттон чечим чыгарылып, Алай райондук ЖААК бөлүмүнөн күбөлүк берилди.

Убагында оңой эле бүтө турган ишти жылдарга создуруп жибергендиктен, өздөрү кыйынчылыктарга дуушар болуп, балдардын дагы укуктары бузулуп келген.  Андыктан баардык документтер кечиктирбестен өз учурунда жасоону биздин элдин маданиятына сиңирүү зарыл.

12.09.2017

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*