Ак-Сууда мектепке бара албаган 16 майып бала бар

 

Ак-Суу району боюнча мектепке бара албаган 16 майып бала бар. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Малик Темиралиев билдирди.

Анын айтымында, райондо 52 тоголок жетим, 882 жарым жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган 577 бала бар. Ал эми 1436 бала көп балалуу үй-бүлөлөрдөн.

«Учурда мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелген 214 бала билим алса, 16 бала майыптыгына байланыштуу окууга келе албай жатат. Биз «Жалпыга билим берүү» программасынын алкагында аларга билим берүү аракетин көрүп жатабыз», – деп билдирди М.Темиралиев.

Turmush 

06.09.2017
http://www.turmush.kg/news:330929

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*