Жаш талант: ДЦП дарты менен жабыркаган 17 жаштагы Б.Кудайбергенов шахматта ийгиликтерди жартууда (фото)

Талас районунун Беш-Таш айылынын 17 жаштагы тургуну Бексултан Кудайбергенов 12 жашынан бери шахмат ойноп, бир туугандары менен ийгилик жаратып келет. Аймактык кабарчы шахматчы үй-бүлө менен таанышты.

Бексултандын айтымында, келечекте шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиону болгусу келет.

«12 жашымда компьютер сатып беришкен. Ичинде шахмат оюн бар экен. Ошол жактан ойноп, кызыгуум пайда болду. Үйдө китептен шахматтын жүрүштөрүн үйрөндүм. Ойноо жолдорун атам дагы үйрөттү. Ошентип үйрөнүп кеттим. Мага шахмат ойногон абдан жагат. Келечекте шахматтан дүйнөнүн чемпиону, мыкты инсан болгум келет. Көп балдарга шахмат ойноону үйрөткүм келет. Учурда Азия оюнуна даярдык көрүп жатам», – деди ал.

Бексултандын апасы Гүлмира Калбаеванын айтымында, уулу 7 айлык болуп төрөлүп, төрөлгөндө эле ДЦП диагнозу коюлган.

«6 жашында тили жаңы сүйлөп баштап, 7 жашында сүйлөгөнүн өзүбүз түшүнүп калганбыз. Кичүү иниси мектепке барган кезде чогуу бердик. Мектепте 1-4-класска чейин математика сабагынан эң жакшы окуду. Чоң класс болгондо адабий китептерди окууга басым жасады. Ырды өз алдынча жаттап, көркөм айтат. Бирок, мугалимине айтып берүүдөн кыйналат. Менин айтканымды түшүнбөй калат деп ойлонот. Мектептен мугалимдери көп жардам берип, көп нерсени үйрөтүүдө. Учурда 9-класска көчтү.

Бир нерсе менен алек болсун деп компьютер алып бергенбиз. Андан шахмат оюнун көрүп, кызыгып калышыптыр. Үйдөгү китептен жүрүштөрүн үйрөнүп алып, ойноп баштаган. Атасы дагы жардам берип, кошумчалап жүрүштөрүн үйрөттү. Мектепте шахматтан биринчилик болуп жаткан экен. Оюн болуп жатат дегенди угуп калып эле алып барсак, ал жерде ойногондорду жеңди. Мектептин атынан оюнга барып, 12 жашында биринчи жолу эле 2-орунду алды. Балабыздын шыгы бар экен деп абдан кубандык. Машыктыруучу керек деп отуруп Күмүш агайын таптык. Ал Бексултанды үйгө келип машыктырып жүрдү.

Учурда Кыдыралиев Замир агай машыктырууда. Бексултан менен отуруп кичинекейлери дагы үйрөнүп калышты. 1 жылдан бери ойноп жүргөн балдарга 3 айда жетип алышты. Балдарымдын эс тутумдары абдан жакшы. Бир көрсөткөндө эле жаттап, тез кабыл алышат. Бексултан шахмат ойноону 2 инисине, карындашына үйрөтүп, алар дагы мелдештерде байгелүү орундарды багындырууда. Өзү 2016-жылы Кыргызстандын чемпионатында 1-орунду камсыз кылса, быйылкы жылы 6 жаштагы карындашы Аэлина Кудайбергенова 2-орунду ээледи. Андан соң 7 дубан арасында оюндан 1-орунду камсыздады. 2 иниси райондук, облустук мелдештерде алдыңкы орундарды камсыздап келишет.

Бексултанга ДЦП дарты коюлгандыктан үйдөн жалгыз чыгара албайбыз. Алыс жакта оюн болсо да жанында бирибиз жүрүп, тамак-ашына көңүл буруубуз зарыл. Оюндан жеңилип баратса да ойлонуп кейийт. Ошол учурда жанында болуп туруу керек.

Жолдошум экөөбүз дыйкан чарба менен алектенебиз. Көп учурда оюндарга каражат жетишпей, балдарыбызды жөнөтө албай калабыз», – деди апасы.

Бексултан үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Turmush 

09.08.2017

http://www.turmush.kg/news:329421

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*