Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги: “Өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 177 миң адам бар, анын 29 миңи балдар”

 

Кыргыз мамлекетинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 177 миң адам жашаса, анын 29 миңи 18 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Араб өлкөлөрүнүн көзү азиздер уюмунун жана Катар мамлекетинин адам укуктары боюнча коомунун төрагасы Халид Али Аль-Наими менен эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунованын жолугушуусунун жүрүшүндө айтылды.

Министрликтин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жолугушуу кечээ, 18-августта өтүп, эки тарап ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга – көзү азиздерге жана көрүүсү начар адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Министрлик конокторго өлкөдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга реабилитациялык жардам көрсөтүү иштерин жакшыртуу аракеттери ар тараптуу жүргүзүлүп жатканын айтып берди.

Жолугушууга өлкөдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген коомдук уюмдардын өкүлдөрү да катышып, медициналык-социалдык экспертиза борборунун көз дарылоо бөлүмү, “Дүлөйлөр жана көзү азиздер кыргыз коому” коомдук уюму, көзү азиздер жана начар көргөн балдардын атайын мектеп-интернаты менен таанышты.

Автор: Кызжибек Раимова
Фото: Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги
19-08-2017
https://www.super.kg/kabar/news/199005/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*