Бүгүн, 14-августта Бишкекте кайрымдуулук боюнча веломарафон өттү.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, көзү жакшы көрбөгөн жана көзү азиз алматылыктар Бишкекке келишти. Алар Алматы шаарынан Ысык-Көлгө чейин 450 чакырым жолду өтүүгө белсенишкен.
Иш-чаранын негизги максаты – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди социализациялоо, спорт менен машыгууга үндөө, туризмди өнүктүрүү.
Веломарафонго ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коштогондор менен жалпысынан 30 адам катышууда.
Автор: Үмүт Абдраимова
Leave a Reply