Төшөктөгү таенесин баккан 10 жашар кыз: «ТАЕНЕМ АЧКА КАЛБАСЫН ДЕП МЕКТЕПТЕН ШАШЫП КЕЛЕМ»

Бишкектен алысыраак Луч дачалар аймагында жайгашкан 2 бөлмөлүү үйдө баш калкалаган Малика Юсупова 90-жылдары Кыргызстанга Өзбекстандан келип, 2011-жылы гана кайрылман макамын алган. Эки бөлмөлүү үйдүн агы кеткен дубалдары эненин оор үшкүрүгүн жашырып алгандай. Бир канча жылдан бери туруктуу турак жайы же жарандыгы жок бейрасмий жашап келе жаткан каарманыбыз муңайып өзүнүн баянын айтып берди.

Малика Юсупова, качкын: “ЖАРАНДЫК АЛУУ БОЮНЧА КИМГЕ КАЙРЫЛУУНУ БИЛБЕПТИРБИЗ”

– Биз үй-бүлөбүз менен Совет маалында кыргыз-өзбек чек арасында жашаганбыз. Улутубуз кыргыз болгону менен, Өзбекстандын жараны болчубуз. Кийин СССР жоюлуп, ал жердеги үй-жайын таштап качкан элдин агымы менен биз да Кыргызстанга көчүп келгенбиз. Турмуш менен алпурушуп жүрүп, укуктарыбызды билбей жашоо өткөрө бериптирбиз. Ал тургай жарандык алуу, жерге каттоого туруу боюнча да кимге кайрылып, эмне талап кылса болорун билген эмеспиз. Бул жакта батирлеп жүрдүк. Кийин жолдошум, андан кийин эки уулумдун бири каза болуп калды. 2013-жылы өзүм ооруп калып, ошол күндөн бери кызым менен күйөө баламдын батиринде баш калкалап жатам. Бул эки бөлмөлүү үйгө кызым мурда 1000 сомдон төлөчү, анан үй башка адамга сатылгандан кийин азыркы ээси бекер жашатып койгон.

“ЭКИНЧИ ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИН БАСПАЙ КАЛДЫМ”

– Бел оору сезиле баштаганда табыпка барып дарылангам. Ал өзүнүн ыкмасына салып балыктын майын сүйкөп укалачу. Бирок майнап чыкпаганынан дарыгерге кайрылганга туура келген. Томографиянын жыйынтыгы менен омуртканын ириңдеп кеткени билинип, “сөөк кургак учугу” деген диагноз менен эки операцияны баштан өткөрдүм. Экинчи операциядан кийин белгисиз себептерден улам баспай калдым.

“АЙНАЗИКТИН БИР КУЛАГЫ ЖАКШЫ УКПАЙТ”

– Өз алдынча кыймылдай албай, бирөөгө көз каранды болуп калган жаман экен. Уул-кыздын балдарын багышып, каралаша турган куракта неберем мени багып жатат. Кызым тигүүчү болуп иштейт. Таң атпай балдар уктап жатканда жумушуна кетип, кечинде кеч келет. Азыр каникул маалында 3,5 жаштагы неберем үчөөбүз үйдө болобуз. Окуу убагында Айназик эртең менен тамак-ашыбызды даярдап кетет, кичүү неберем экөөбүз ал түштө мектептен келгиче жол карап күтөбүз. Анан ал сабактан келип колунан келген ашын алдыга коюп, биз экөөбүзгө кам көрөт. Алтын кызым кичинекей болгонуна карабай аябай зирек, чыйрак кыз. Тубаса бир кулагы жакшы укпайт. Мештин жанында туруп “тамакты кандай кылам?” деп сураса, мен үйрөтүп турам. Ошентип экөөбүз бири-бирибизге шерик болуп күн өткөрөбүз. Кечинде чарчап келген апасы экөөбүз Айназиктин жасаган тамагын мактап койсок сүйүнүп калат.

“БУТКА ТУРУП КЕТЕРИМЕ ИШЕНЕМ”

– Каражаттын тартыштыгынан майыптардын арабасына да жете албай жүрөм. Ал болгондо ордумдан жылып, Айназикке каралашат элем. Доктурга да бара албай жатканыбыздын бирден бир себеби ошол болсо керек. Анткени кыздар кантип мени көтөрүп, унаага салып ташып жүрмөк эле? Айылдагы кызым жарандык алуу боюнча арыз калтырып койгон, эми ошонун жообун күтүп жатабыз. Анан толук кандуу жаран катары каттоого туруп, майыптык топко бөлүнүп, мамлекет тарабынан берилген жөлөк пул же жеңилдетүүлөргө илинип калсам, дарыгерлердин жардамы менен бутка туруп кетериме ишенем.

“ТАЕНЕМДИН КИР-КОГУН ЖУУП, ГОРШОГУН ТӨГӨМ”

Жаштайынан турмуштун арабасын түртүшкөн Айназик жайдары, жароокер кыз экен. Кызды биринчи көргөн адам анын жылмаюусун бактылуу балалыкка жоруп, “бир үй-бүлөнүн куурчак ойногон эрке кызыдыр” деп ойлойт. Бирок жылмаюунун артында бир үйдүн түйшүгүн моюнуна артып эрте чоңоюп кеткен адам турганын сүйлөшө келмейинче сезе бербейсиң. Себеби бул үйдө төшөктөгү оорукчан таенесин да, кичинекей бөбөгүн да күндүз кечке жалгыз карап, тамагын берген да, кирин жууган да мына ушул чиедей кыз.

– Айназик, канчадасың?

– Мен 10 жаштамын. Быйыл 3-классты бүтүп, 4кө көчкөнү жатам.

– Таенең менен бөбөгүңдү да карайт турбайсыңбы. Үй тиричиликке да, окууга да бирдей кантип жетишесиң?

– Окуу маалында эртең менен эрте туруп, үйдөгүлөрдүн чайын даярдап кетем. Түштө бөбөгүм менен таенем ачка калбасын деп мектептен шашып келем. Анан алардын түшкү тамагын берип, бөбөгүмдү ойнотом. Андан кийин таенемдин кир-когун жууп, горшогун төгөм. Ошентип оюнга деле убакыт калбай калат.

– Азаматсың го, дагы кандай жумуштарды жасай аласың?

– Өзүм эле таенемдин, бөбөгүмдүн, өзүмдүн кир кийимдерибизди жууп, үйдү таптаза кылып жыйнап коём. Короону шыпырып, тамак жасай алам.

– Кандай тамактарды жасаганды билесиң?

– Картошка, жумуртка кууруганды, шорпо жасаганды, анан макарон басканды таенем үйрөткөн. Мен жасаган тамакты апам менен таенем жеп, “мм, даамдуу экен тамагың, азамат!” деп макташат.

“ЭКИ МАЙЫПТЫН БИРИН-БИРИ БАГЫП ЖАТКАНЫ – КООМУБУЗДУН ЖҮЗҮ”

Каарманыбыз Малика Юсупованын алыскы тууганы Махабат Кадыркулова ага жарандык алып берүү ишин тездетүү боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелерде жүргөнүн айтты:

– Бул үй-бүлө биздин жаңы тапкан туугандарыбыз. Биринчи жолу жолдошум экөөбүз булардын үйүнө келгенде кепедей тамда күн кечирип жатканын, эженин акыбалын, аны кичинекей кыз багарын көрүп өздөрүн көмүскөдө алып жүргөн үй-бүлөнүн маселесин чечишүүгө жардам берели дедик. Жарандык алууну тездетүү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганбыз. Учурда макулдук боюнча жарлыкты күтүп жатабыз. Паспорт алып алса, мындай жарандарга тийиштүү жеңилдиктерди колдонуп кайрадан дарыгерлерге көрсөтө баштайбыз. Эженин иштерин бүтүрүп алгандан кийин Айназиктин кулагынын эмнеден чала угуп калганын тактап, тиешелүү чараларды көрөбүз. Бул үй-бүлөдөгү эки майыптын бирин-бири багып жатканы – коомубуздун жүзү, жалпыбыздын көйгөйүбүз. Ошондуктан чогуу-чаран көмөк көрсөтөлү деп ар эшикти каккылап жүрөм.

59 жаштагы каарманыбыз 4,5 жылдан бери сөөк кургак учугунун кесепетинен төшөктө жатат. Жашоо турмуштун шартына ылайык оорукчан айымды анын 10 жаштагы жээни Айназик карап келет. Чиедей кыз таенесине кылган камын өзүнүн милдети катары кабыл алып, балалыктын кереметтерин деле унутуп койгондой сезилди.

Алтынай Тынышова koom@super.kg

4-10-август, 2017-ж.
http://ns.super.kg/article/?article=41475

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*