Сүйүнчү ордуна айлык сураган ата-энелер (видео)

“Азаттыктын” архиви: Майып балдар кодуланбасын. 16-февраль, 2016-жыл

 

Кыргызстанда майып балдардын ата-энелери президентти “Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү пул берүү жөнүндө” мыйзамга кол койбоого чакырышууда. Алар бул акчаны андан көрө майып балдарын багып, иштебей, үйдө отурган ата-энелерге айлык катары берүүнү сунуштап жатышат. Коомчулукта булардын сунушуна каршы ой-пикирлер да бар.

Аламүдүн районунун тургуну Жылдыз Ракымбаева бир нече жылдан бери майып баласын карап үйдө отурат. Жолдошу иштеп тапкан каражат үй-бүлөнү толук камсыздоого жетпейт:

– Майып балам менен үйдөмүн. Үч миң сом жөлөкпул алабыз. Бул акча бизге эмес, баламдын өзүнө да жетпейт. Дайыма витамин ичип, дарыланып турушу керек. Андан тышкары тамак-ашы, кийим-кечеси бар дегендей. Ошондуктан майып баласын багып, иштебей отурган ата-энелер үчүн айлык акы төлөнүп берилсин деген талапты мен да колдойм.

Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын ата-энелери түзгөн коомдук уюмдардан турган “Жаңырык” тармагы президентке кайрылуу жолдоп, коомчулуктун жана мамлекеттин көңүлүнөн сырт калган майып балалуу энелердин көйгөйүнө көңүл бурууну өтүндү.

Кайрылуу ээлери жазында парламент депутаттары тарабынан көтөрүлүп, коомчулукта колдоо таап кеткен “Сүйүнчү пул жөнүндө”мыйзам долбооруна каршы. Алар сүйүнчү пулга сарпталуучу каражатты мамлекет майып баласы бар ата-энелерге маяна иретинде төлөп беришин каалайт.

“Бизге айлык керек”

“Жаңырык” бейөкмөт уюмдар тармагынын координациялык кеңешинин төрайымы Зайнап Эшмуратова “Азаттык” радиосуна майып, оорулуу баласын карап, иштебей отурган ата-энелерге айлык төлөп берүү талабы он жылдан бери көтөрүлүп келе жатканын айтты. Бирок бул сунуш дайыма бюджетте акча жетишсиз деген негизде көз жаздымда калып келет:

– Биз он жылдан ашуун убакыттан бери бул маселени көтөрүп келебиз. Анткени оорулуу бала бар үйдө сөзсүз ата-энелердин бири иштебейт. Майып балалуу үй-бүлөлөрдө атасы же энеси таштап кеткендер да жок эмес. Ошондуктан бул маселе качан болбосун орчундуу. Майып баланы дарылатууга, тиешелүү адистердин кеңешин алууга, массажга, сабакка жана башка жактарга ташууга, жок дегенде күнүмдүк тамак-ашка акча таппай отуруп калган учурлар жок эмес. Ошондуктан майып баласын караган ата-энеге айлык акы берилиши керек. Алар да кийин пенсия алууга укуктуу.

Зайнап Эшмуратова сүйүнчү пул берүү жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгуунун себебин минтип түшүндүрдү:

– Жаңы туулган ымыркайга сүйүнчү пулду жандантуу тууралуу демилге көтөрүлгөндө эле коомчулук колдоп, депутаттар мыйзам жазып, кыска аралыкта үчүнчү окуудан өткөрүп жиберишти. Долбоор боюнча, сүйүнчү пул бардык жаңы туулган балага берилет, алардын ичинде андай акчага муктаж эмес үй-бүлөлөр көп эле. Биз ошо бюджеттен сүйүнчү пулга бөлүнгөн каражат майып балдарын багып, иштебей отурган ата-энелерге айлык иретинде жумшалуусун каалайбыз. Баш мыйзам боюнча мамлекет социалдык жактан аярлуу топторго көңүл буруп, кам көрүшү керек. Ал эми майып балдар – аялуу топтун эң аялуу катмары.

Экөөнө тең муктаждык бар

Коомчулукта “Жаңырык” тармагынын сунушуна каршы чыккандар да жок эмес. Балдар укугун коргогон адистер мамлекет эки жакка бирдей мамиле кылууга тийиш экенин белгилешет.

 Үй-бүлөнү бекемдөөчү “Данакер” борборунун жетекчиси Наргиза Конушалиева мамлекеттик бюджеттен максатсыз жумшалып жаткан акча сүйүнчү пул берүүгө да, майып балдардын ата-энелерине айлык иретинде төлөнүүгө жетмек деген пикирде:

– Ата-энелердин талабы абдан туура. Мамлекет аялуу топторго, майып балдарга, алардын ата-энелерине көңүл бурууга тийиш. Бирок ошол эле учурда бир жолу болсо да, төрт миң сомдук сүйүнчү пулга муктаж үй-бүлөлөр бар, алар абдан эле көп. Мамлекет тарабынан түрдүү оюн-зоок, көңүл ачуучу иш-чараларга акча коротуудан көрө, ушундай маселени чечүүгө жумшаса жакшы болмок.

Майып балдарын карап, иштебей үйдө отурган ата-энелерге айлык акы төлөп берүү сунушун Социалдык өнүктүрүү министрлиги да көтөрүп жатат. Аталган министрликтин мамлекеттик жөлөк пул бөлүмүнүн башчысы Жамиля Исмаилова сунуш учурда иштелип жатканын, жыл аягына чейин өкмөттүн кароосуна жиберилерин “Азаттык” радиосуна билдирди:

– Жөлөк пул баланын өзү үчүн жумшалса, баланы караганы үчүн төлөнүүчү акча үй-бүлөлүк бюджетти колдоо жана ата-энелердин мамлекеттен пенсия алуусуна кепилдик иретинде берилет. Бул демилге биздин министрлик тарабынан да көтөрүлгөн. Учурда бул сунушту атайын жумушчу топ иштеп жатат. Бала караганы үчүн төлөнүүчү каражаттын өлчөмү, берилүүчү тартиби жана башка жоболору иштелип жатат. Менин билишимче, ушул жылдын аягына чейин өкмөткө сунушталат.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин каттоосунда 29 миң 460 майып бала бар. Аларга ай сайын үч миң сомдон жөлөк пул берилет. Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын жөлөк пулу 2011-жылы 50 пайызга көбөйтүлүп, эки миң сомдон үч миң сомго көтөрүлгөн.

Жаңы төрөлгөн ар бир ымыркайга мамлекет эсебинен бир жолу төрт миң сом сүйүнчү пул төлөнсүн деген өзгөртүү киргизилген мыйзам долбоору 22-июнда парламентте үчүнчү окуудан кабыл алынган. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынып калса, үй-бүлө кирешеси эсепке алынбай туруп, бардык балдарга бирдей жөлөк пул төлөнөт.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*