Жети-Өгүз районунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн эс алуу уюштурулду.
Райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаеванын айтымында, балдардын эс алуусу райондук администрациянын атайын бекитилген иш планына ылайык уюштурулду.
«Район боюнча аз камсыз, жетим жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 125 бала лагерде эс алды. Алдыда балдардын эс алуулары планга ылайык жүргүзүлөт», – деди Г.Жаанбаева.
Turmush
10.07.2017
http://www.turmush.kg/news:327705/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Leave a Reply