Айыл турмушу: 2-топтогу майып Э.Абдразакова 6 миң сомдук сайма саят (фото)

Аламүдүн районунун Пригородный айылынын 32 жаштагы тургуну Эльвира Абдразакова сайма сайып, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал 2-топтогу майып жаран катары каттоого алынган. Эльвира айым менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«7-класста окуп жүргөндө эле саймага кызыгып, үйрөнүп алгам. Акыркы 7 жылдан бери кол өнөрчүлүккө баш отум менен киришип иштеп жатам. Баш кийим, көйнөк, чапан жана кол баштыктарга сайма саям. Жумуштун татаалдыгына жараша ар кандай убакыт сарпталат. Мисалы, баш кийимди 3 саатта саймалап бүтөм», – деди кол өнөрчү.

Анын саймаларынын эӊ арзаны 150 сом, ал эми эӊ кымбаты 6 миӊ сомдон бааланат. Кол өнөрчү учурда үй-бүлөлүү, 1 кыз жана 1 уулдун апасы.

Turmush 

03.07.2017
http://www.turmush.kg/news:327345

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*