Кыргыз Республикасынын мигранттарынын укуктарын коргоо. (Адвокаттын блогу)

Жаназаков Кубанычбек, “Тилектештик автобусунун” юристи

zhanazakov-kubanyichbek

 

Мекендештерибиздин көпчүлүгү жумушсуздуктан, айлыктын аздыгынан чет өлкөлөрдө ата-энемди, үй-бүлөмдү багайын, бир туугандарыма, мекениме колумдан келген жардамды берейин деп ар кандай тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга карабай иштеп жүрүшөт.

Тилекке каршы көбү мыйзамды билишпегендиктен, укуктары бузулуп тебеленген учурда кандай, кантип, кайсы жака кайрылуунун жолдорун билишпейт.

Мисалы: Мен 2015 жылы Москва шаарына бир компанияга жумушка орношуу үчүн бардым. Барганда эле мага компаниянын кызматкери кол коюп бериңиз деп эмгек келишимин берди, келишимди окуп чыксам жумушчунун милдеттери, жумуш берүүчүнүн укуктары гана жазылган. Башка айла жок болгондуктан кол коюп жумушка орноштум.

Айлык маянамды 2 ай дегенде копаниянын башкаруучуларына, Россия Федерациясынын Эмгек кодексин бузгандыгы жөнүндө доомат, прокуратурага арыз жазып команиянын директору, кызматкерлери, алар аз келгенсип охранниктери менен кайым айтышып жүрүп 30-40 жумушчулардын арасынан жалгыз гана мен эмгек акымды ала алдым. Калган жумушчулар кантип оздорунун укуктарын коргоону билбегендиктен эмгек акысын ала алган жок.

Айтаарым алыска кетип жаткан жарандарыбыздын укуктук билим денгээлин жогорулатуу багытынды, юридикалык кеңешти кеңейтүү багытында активдүү иш алып баруу керек.

06.07.2017

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*