Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Баткен жана Жалал-Абад облустарында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча 4 борборду ачууда

КР Юстиция министрлиги Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан  ишке ашырылып жаткан USAIDдин Биргелешип башкаруу  программасынын колдоосунда Баткен облусунун Исфана шаарында 2017-жылдын 14-февралында жана Кадамжай шаарында  2017-жылдын 15-июнунда, Жалал-Абад шаарында жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында  2017-жылдын 16-июнунда акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун салтанаттуу ачылышын өткөрөт.

Борборлордун ачылыш аземи Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директору А.С. Калбековдун, Ист-Вест Менеджмент Институтунун филиалынын директору Гарри Лэдбэттэрдин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт.

Азыркы мезгилде Чүй, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында 12 борбор иштеп жатат. Жыл сайын акысыз юридикалык жардам  алуу үчүн кайрылган жарандардын саны өсүүдө. Алсак 2017-жылдын башынан тартып 12 борбордон акысыз юридикалык консультацияларды  11 196 жаран алган, ал эми борборлор ачылган мезгилден бери 51 950 адам кайрылган. Ушуга байланыштуу, мындай борборлорду өлкөбүздүн бардык региондорунда ачуу жана жарандардын бардыгына акысыз юридикалык консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгы пайда болууда.

Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору бардык каалоочуларга юридикалык консультация берүү үчүн, ошондой эле калктын аярлуу катмарларынын укуктук корголуусунун деңгээлин жогорулатуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыздоо, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү максатында ачылган. Мындай борборлорго кайрылгандар жогорку квалификациялуу юристтердин, мамлекеттик нотариустардын, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тутумуна кирген адвокаттардын консультацияларын ала алышат.

«Мындай борбордун ишинин арты менен биз Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен кепилденген укуктук жардамга жарандарыбыздын бирдей жетүүсүн камсыздайбыз. Өзүнүн кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого муктаж болгон бир да адам жардамсыз жана көӊүл сыртында калбайт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Юстиция министри.

Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылып жаткан USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жарандардын укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү демилгесин колдоп, Нарын облусунда ачыла турган 2 борборду кошкондо 6 акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорун ачууга жардам берүүдө. Андан тышкары, USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы учурда иштеп жаткан АЮЖК борборлорунун көрсөткөн кызматтарынын сапатын жакшыртуу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого жардам көрсөтүүнү пландаштырып жатат.

Борборлордун иши жана алардын байланыш маалыматтары жөнүндө кененирээк маалыматты Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыктарынан, ошондой эле www.minjust.gov.kg сайтынан билсе болот.

13.06.2017

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Баткен жана Жалал-Абад облустарында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча 4 борборду ачууда

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*