Эки балалуу болгондон кийин күйөөм таштап кетти… Майып келиндин арманы

Насиба Ажибекова тагдырдын татаал сыноосуна кабылгандардын бири. Ал төрөлгөндө эле бутунан тубаса майып болуп, кийин айылдаш агалары аны борбор калаага алып келип, бутун алты жеринен операция жасаткан. Учурда өзү таяк менен басат, турмушка чыгып, эки балалуу болгон. Бирок кичине жашаган соң, жолдошу аны эки бала менен таштап кетип калган.

Майыптыгына карабай, эки баласын элден кем кылбай багып, келечекке, жакшылыкка болгон үмүтүн үзбөй жашап келе жаткан келиндин жашоосу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары барып таанышып келди.

Оштон Бишкекке келип бутуна операция жасатып ооруканада жаткан учурда Насиба Ажибекова жолдошу менен таанышат. Ал да автокырсыкка кабылып бир бутун кестирип, аялы эки кызын алып кетип калган экен. Экөөнүн жылдызы келишип, ооруканадан чыккандан кийин баш кошуп, эки балалуу болушкан. Бирок турмуш жолун жакшы тилек менен баштаган жубайлардын никеси көпкө созулган эмес.

“27 жашымда турмушка чыктым. Эки балалуу болгон соң турмуш бизди кыйнай баштады. Мурда ар кайсы тууган, тааныштардын үйүндө жашап жүрсөк, төртөөбүз болгондо эч бир жерге батпай калдык. Кичүү балам алты айлык болуп калганда жолдошум “балдарды кандай баксаң, ошондой бак, ата керек болсо, чоңойгондо издеп таап алышар” деп бизди таштап кетип калды. Айла жок, бала үчүн баарына чыдайсың, өзүм эптеп багып чоңойтуп келе жатам”, — деди Ажибекова.

Кичинесинен эле оор күндү башынан өткөрүп келе жаткан келиндин учурда таянар, жардам сураар адамы жок. Төрт бир тууган болсо ар кимиси өзү менен өзү. Атасы убагында үй-бүлөсүн уруп-сабап жүргөнүн айткан Насиба апасы учурда оорукчан болуп төшөктө жатып калганын айтып көзүнө жаш алды.

“Айылга да барып жашап көрдүм. Ажатканага сыртка чыгыш керек, кичине жамгыр жааса ылайдан баса албай калам. Ошентип ал жакка он жолу тоголонуп отуруп араң жетем. Үйүбүз да урайын деп араң турат. Апам мени карамак тургай аны караган киши жок. Азыр боорукер адамдар кичине батиримдин акчасын төлөп жардам берип жатат. Бирок дайыма эле мага ким акча берип турмак эле. Балдарымдын акчасын, өзүмдүн акчам болуп айына төрт миң сомдой алам. Аны тамак-аш, балдардын кийим-кечесине эптеп жеткирем. Өзүм кичине токуйм, бирок азыр балдар кичине болуп эч нерсе кылдырышпайт”¸— деди майып келин.

Бала менен бардык эле жерге бата албайт экенсиң деген эне айласы кетип президенттин кабылдамасына чейин барган. Бирок ал жактагылар да “эч кандай жардам бере албайбыз, барсаң майыптар үйүнө кайрыл” дегенден башка сөз айткан эмес. Эми эмне кылар айласын таппай, элинен жардам сурагандан башка айласы калбаптыр.

Таалайгүл Усенбаева

05.06.2017
Дагы: https://sputnik.kg/video/20170605/1033696165/majyp-kelindin-armany.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*