«Тагдыр»: Н.Жолдошева 9 жаштагы тубаса майып уулунун памперси үчүн таалада иштеп 300 сом табат (фото)

Чүй облусуна караштуу Москва районунун 29 жаштагы тургуну Наргиза Жолдошева 9 жылдан бери тубаса майып болуп төрөлгөн уулунун ден соолугу үчүн күрөшүп келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.
«9 жаштагы уулум Аман Жолдошев тубаса майып болуп төрөлгөн. Анын табарсыгы жарылып, төрөлгөндөн бери эле сийдиги булактай болуп агып турат. Мындан тышкары, балам белиндеги чуркусу менен төрөлүп, жамбашы чыгып кеткен. Жолдошум уулубуздун мындай ден соолугуна чыдабай, таштап кеткен. Ал кезде Аман 2 жашта болсо, кичинекей уулум 2 айлык боюмда бар эле. Дарыгерлер Аман төрөлгөндө эле “убактылуу багып тур, уулуң көпкө жашабайт” дешкен. Ошол учурда баламдын ден соолугу абдан оор болчу. Азыр кудайга шүгүр, 9 жашка чыкты.
Буга чейин балама эки жолу операция жасалган. Дагы жети операциясы калды. Этап менен болот экен. Уулумдун бир операциясы 7 миӊ долларга бааланат. Өткөндө Кыргызстанга арабдар келип, жардамга муктаж адамдарга бекер операция жасайбыз дешкен. Ал арабдарга мен дагы жолуктум. Алар менин абалымды көрүп, балама операция жасайбыз дешкен. Бирок, кыргыз дарыгерлер мени кезекке тургузуп, андан кийин “сага кезек жетпей калды” деп операцияга киргизбей коюшту. Бул операцияга жардамга муктаждар эмес, тааныштары барлар эле кирип кеткендей туюлду», – деди ал.

Н.Жолдошева күндүн ысык-суугуна карабай, дыйкандарга жалданып айдоо таалаларында иштеп, күнүгө 300 сомдон акча табат.
«Балдарымды багуу үчүн айдоо таалаларга чыгып иштейм. Өзүм да 3-топтогу майыпмын. Оор нерсе көтөрүүгө болбойт. Бирок, айла жок… Уулумду майып арабасына араң көтөрүп салам. Ошого да шүгүр.
Буга чейин бир жыл ооруканада санитар болуп эмгектендим. Бирок, Амандын жанында киши жок болгондуктан, ал жумуштан чыгып кеттем. 2012-жылы уулумду атама таштап коюп, Россияга иштегени кеттим. Ортодон 6 ай өтпөй кайра Кыргызстанга келгенге туура келди. Атам катуу оруп, балдарымды караганга алы келбей калган.
Балама 3 миң сом жөлөк пул чектелген. Ал каражатка дары-дармегин жана памперсин сатып алабыз», – деди ал.
Н.Жолдошева бул окуу жылында уулун майып арабага салып, күн сайын Ак-Торпок айылындагы Ленин атындагы орто мектепке алып барды.
Амандын апасы менен (0552) 39 20 60 номуру аркылуу байланышса болот.

Turmush 

01.06.2017

http://www.turmush.kg/news:325772/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*