Тагдыр: 1-топтогу майып А.Шералиев уулун тилемчилик менен багат

1

Ош шаарында тилемчиликтен тапкан каражаты менен уулун багып жаткан Асылбек Шералиев 1-топтогу майып. Анын буту, бели иштебей калганына 7 жылдын жүзү болду.
Уулун жалгыз баккан А.Шералиев аялдамаларда түнөп, күндүз кайыр суроо менен алектенип жатканына Turmush басылмасынын кабарчысы күбө болду.

«7 жашымдан тартып балдар үйүндө тарбияландым. Атам каза болуп калган, апам менен байланыш жок. 26 жашымда үйлөнүп, бир уул, бир кыздуу болдум. Москвада балдарымды багам деп жер төлөдө 4 жылдан ашуун иштедим. Ошондо катуу суук тийип, дарыланганыма карабай ден соолугумду жоготуп отурам. Мындай абалда келинчегим экөөбүздүн пикирибиз келишпей, эки ажырым жолго түштүк. Ал кызым менен учурда мигрант болуп жүрөт. Мени менен байланышпайт, сүйлөшпөйт. Ал эми, уулум мени менен бирге. Туруктуу жашай турган жерибиз жок, ижара акы төлөп батирде жашап жүрөбүз. Алар да кууп чыгып, мен 10 күндөн бери көчөдө жашап жатам. Балам ар кимдин үйүндө баш калкалап жүрөт», – деди А.Шералиев.
42 жаштагы каарманыбыз жардам сурап жергиликтүү бийлектен тарта, президентке чейин кайрылуу жолдогон. Бирок, жазган каттары жоопсуз бойдон калганын айтат.
«Мен өз өлкөмдүн жардамына муктажмын. Каттарыма эч ким жооп кайтарбайт, жада калса адамдар бизге ижарага үйүн бергиси келбейт. Жатаканадагылар да киргизбей жатканда жүрөгүм ооруйт. Колунда бар жарандардан жатакана менен камсыздап, дарыланууга жардам көрсөтүүнү суранам», – деди ал.
15 жаштагы уулунун келечегин ойлоп кабатырланган ата ширеңкеден ар кандай сувинерлерди жасаган таланттын ээси. Бирок, ал таланты менен алектенүүгө мүмкүнчүлүгү жок.
Жардамга муктаж Асылбек Шералиев менен 0(773) 07 33 15 номуру аркылуу байланышууга болот.

Turmush 

02.06.2017

http://www.turmush.kg/news:325855

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*