Н.НИКИТЕНКО: “ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ “АЛТЫН БАЛАЛЫК” БАЛДАР БОРБОРУН МАЙЫП БАЛДАРГА БЕРҮҮ КЕРЕК”

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко “Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” балдар борборун майып балдарга берүү” маселесин көтөрдү.

Ал 1-июнду мамлекет жөн салды бир күн катары карабай, олуттуу мамиле кылуу зарылдыгын айтып, өзгөчө майып балдарга кам көрүү маселесине токтолду.

Депутат балдар үйлөрү үчүн электр кубатына болгон тарифти коммерциялык мекемелердикиндей кылбай, төмөндөтүү зарылдыгын билдирди. Мындан сырткары, Н.Никитенко: “Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” балдар борборун майып балдарга берүү маселесин 2 жылдан бери сунуштам келе жатам, чечилбей келет”,- деди.

Ал ортодо депутат Дастан Жумабеков:“Балдар үчүн “Сүйүнчү пул” долбоору ишке ашса мамлекет балдарга кол сунган болот эле”,- деген пикирин билдирди.

Эл өкүлү КР Өкмөтүн бул долбоорго оң корутунду чыгарып берүүгө үндөдү.

Булак:Каганат

01.06.2017

Н.Никитенко: “Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” балдар борборун майып балдарга берүү керек”

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*