Адам укуктары калың элге көчө театры аркылуу жеткирилет

 

Кыргызстан адам укуктары жакшы корголгон өлкөлөрдүн катарына кирээри айтылып келет. Бирок, калктын калың катмары өз укуктарын жакшы биле бербейт, же билсе дагы аны колдонуп, коргой албаганы жашыруун деле эмес. Эми адам укуктары карапайым элге театр аркылуу, жөнөкөй тил менен жеткириле баштайт. Мындай иштер БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагында колго алынууда.

IMG_2591


Мектеп окуучусу Бакыт өз энесинен эрте ажырап, өгөй эненин катаал запкысын көрүп, кыйын турмушту башынан өткөрүп жүрөт. Окууга барбай, кичинекейинен эмгекке тартылган баланын укугу чоңдор тарабынан бузулуп жаткандыгын билген мектеп жетекчилиги анын ата-энесине адам укуктарын түшүндүрүү менен Бакытты бул азаптан куткарышат. Мындай окуяны Дөң-Арык айылындагы Калча атындагы инновациялык мектептин 5-классынын окуучулары театралдаштырышкан. Андагы ролдорду аткарган окуучулар өз сезимдерин мындайча бөлүшүштү.

Жанболот: — Эч качан биздин ата-энелер ушундай жолго барбаса экен дейбиз. Бакыттын ролун аткарып жатканда абдан ыйладык. Жашоодо эч качан ушундай окуялар болбосун деген максат менен аткардык. Эч кимдин башына ушундай оор тагдырлар түшпөсүн. 

IMG_2570Жогорку чеберчилик менен аткарылган «Бакыттын тагдыры» деген эмгек  сынакта башкы орунду багындырды. Аны кыргыз тили жана адабият мугалими Назгүл Анарбай кызы жазып, сахнага даярдаган.

 — Долбоор тууралуу маалымат келгенде, бул сценарийди түнү менен отуруп жазгам. Ушул нерсени чагылдырсам бул балдардын келечегине дагы таасирин берет деп ойлодум. Кийин ушул балдарым мындай жолду тандабасын деген тилек менен жаздым.

IMG_2581БУУнун адам укуктарын элге көчө театры аркылуу жеткирүү демилгеси бир жыл мурда пилоттук түрдө Ноокат районунун эки айылында ишке аша баштаган. Жарандардын укуктарын жайылтууда мындай ыкма жакшы натыйжа берип жаткандыгын долбоордун укуктук эксперти Карыбек Жигитеков белгилейт.

 — Билим берүү структураларынан көчө театрын башка мектептерге дагы жайылтсак деген сунуштар түшүп атат. Аны биз караштырып көрөбүз. Негизи бул абдан жакшы жыйынтык берет экен. Себеби, бул жерде балдар өздөрүнүн гана укугун билбестен, жалпы сот адилеттигине кантип жетишүү керектиги камтылган. Балдар эле эмес, алардын ата-энелери дагы өз укуктарынан кабардар болушат экен.

IMG_2586Муну Калча атындагы мектептин жетекчилиги дагы колдоого алууда. Эми балдардын эмгектерин эл чогулган жерлерде, ата-энелерге көрсөтүү пландалып жаткандыгын аталган мектептин мүдүрү Жумагүл Алыбаева айтат.

— Укук маселелерин, аны пайдалануунун жолдорун айыл жериндеги адамдарга жөнөкөй тил менен жеткирүүнү максат кылганбыз. Себеби, биз беренелерди шакылдатып айта берген менен аны касы жерден колдонуу керек экендигин жарандарга жеткирүү кыйын болот экен. Ошондуктан, көчө театры уюштурулду. Бизде тандалган чыгармаларда көбүнчө айыл жеринде бузулуп жаткан укуктарды камтууга аракет кылдык. Эми ушул сынакка катышкан чыгармачылыгыбызды ата-энелерге, жалпы элге көрсөтөбүз. 

Көчө театры боюнча сынакка Бурана айыл аймагындагы Калча жана Асан Жансейитов атындагы эки мектептен 8 чыгарма көрсөтүлдү. Анда көбүнчө ата-эне менен баланын, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин, жаштардын укуктары камтылган. Анын ичинен эң мыкты делген 3 сценарийге баалуу сыйлыктар ыйгарылып, эң мыкты аткарылган 3 роль үчүн дагы кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Каныкей Бозгунова

Май 17, 2017

http://maralfm.kg/archives/223357

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*