Тубаса майып эне президентке кайрылат (фото, видео)

 

 

Тубаса майып эненин көйгөйү боюнча тиешелүү тараптарга сунуш берилген. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын президентинин коомдук кабылдамасынын жетектөөчү адиси билдирди. “Эки баланын энеси, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Насиба Ажибекова деген аял бизге кайрылган. Бул боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук мамлекеттик администрациясына жана Социалдык өнүктүрүү министрлигине аялга жардам берүү сунушу берилген. Ошол эле учурда Ажибековага турак жайы жок аял-кишилер жашоочу жерге баш калкалоо үчүн жай сунушталган. Бирок ал ага макул болбой койгон. Ал эми анын жазган катына жакынкы убакта кат аркылуу жооп берилет”, – деп билдирди коомдук кабылдамадан. Эске салсак, Насиба Ажибекова буга чейин өлкө башчысынын коомдук кабылдамасына кат аркылуу кайрылып, 1 айдан бери жооп бербей жатышат деп билдирген.

 

Тубаса майып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Насиба Ажибекова эки наристеси менен барар жери, баш калкалаар үйү жок болгондуктан, көчөдө калуу коркунучу жаралууда. Тагдырдын оор сыноосуна кабылган эне кыйын күндөрдө жашап жатканын SUPER.KG порталына айтып берди.

Мен өзүм бутумдан тубаса майып болгонум аз келгенсип, жолдошум да жол кырсыгына кабылып, бир бутунан айрылган. Ал дагы башкалардын камкордугуна муктаж болуп жүрөт. Учурда эки уулубуз бар. Улуусу 4 жашта, экинчиси 2 жашта. Бир жылдан бери жолдошум менен чогуу жашабай калдым. “Мен силерди карай албай калдым. Өз тиричилигиӊерди кыла бергиле” деп койгон. Ошентип айылда кыйналып жүрүп, борборго келе бердик“, – дейт Насиба Ажибекова.

Каарманыбыз 1983-жылы Ноокат районунун Кулатов айылында туулган. Балдактын жардамы менен басат. Буга чейин бутуна 6 жолу операция жасалып, эч майнап чыккан эмес. Учурда Бишкек шаарындагы Айни көчөсүндөгү жатаканалардын биринде жашайт. Кайрымдуу адамдар 2016-жылдын октябрь айынан бери жашаган үйүнүн ижара акысын төлөп келишет. Жыл бою ижара акысын төлөп келген үй-бүлө май айынын аягына чейин гана төлөп берерин айткан. Ижара акысы 10 миң сомго бааланат.

Мага жардам берген үй-бүлө “май айынын аягына чейин жардам берели. Биздин да өз жашообуз бар” деп ижара акыны төлөөдөн баш тартты. Эми ушул ай бүтсө, кайда барып жашап, кимдин эшигин сагалаарымды билбей турам.

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев турак жайдан жардам берсе экен деп кат аркылуу 14-апрелде кайрылдым. Президенттин коомдук кабылдамасына 1 айдан кийин барып каттын жообун сурасам, ошол жердегилер “биз сага жардам бере албайбыз, президент да жардам бере албайт. Карылар үйүнө бар” деп кагып коюшту“, – дейт каарманыбыз.

Насибанын 3 сиңдиси, 1 иниси бар. Алар өз алдынча түтүн булатып кетишкен. Иниси Орусияда курулуш тармагында иштейт. Апасы айылда калган. Ал да оорукчан, атасынын көзү өтүп кеткен.

Айылга кетейин десем апам урап калчудай үйдө жашайт. Аларга жүк болуп баргым келбейт. Эки балама 1600 сом жөлөк пул алам. Майыптыгым боюнча 2900 сом пенсия алам. Бул каражатка 2 балам менен 1 ай жашаганга жетпей кыйналып жатам. Эки балам менен кайда барарымды билбей жатам“, – дейт Ажибекова.

Автор: Акназар Сулайманкулов

Фото: Акназар Сулайманкулов

19-05-2017
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/188563/

https://www.super.kg/kabar/news/188441/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*