Майып балдарды карагандар сыйланды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги майып балдарды карагандар үчүн эмгек акысын көбөйтүү боюнча долбоор иштелип жатканын кошумчалады.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри  майып балдарды караган аялдарды энелердин майрамы менен куттуктап, ардак грамота менен сыйлады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Министр сыйлык тапшырып жатып, оор илдетке кабылган балдарды кароо, багуу оңой иш эмес экенин айтып, учурда министрлик тарабынан алардын эмгек акысын көбөйтүү боюнча атайын долбоор иштелип жатканын кошумчады.

“Майып балдарды карагандардын эмгек акысын 5000 сом кылып берүү боюнча сунуш киргизип жатабыз. Бул үчүн республикалык бюджеттен 442 миллион сом керектелет”, — деди министр Исакунова.

Май айында бир катар мамлекеттерде Энелер күнү белгиленет. Кыргызстанда бул майрам май айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдалып, быйыл 21-майга туура келет.

БИШКЕК — Sputnik

20-май 2017

Дагы: https://sputnik.kg/society/20170520/1033461548/majyp-baldardy-bakkandar-syjlandy.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*