Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебин мындан 20 жыл мурда аяктаган жигиттер 5 балалуу майып айылдашына үй куруп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ушул жылдын 8-майында 3 жылдан бери төшөктө жаткан Жолдошбек Казаков үчүн кубанычтуу күн болду. Анткени, ал 5 баласы, апасы жана жубайы менен жаңы курулган үйгө кирүү бактысына ээ болууда.
Демилгечилердин айтымында, курулушка 400 миң сом сарпталды. Бул каражатты классташтар чогултуп, курулуш иштерин дагы өздөрү жүргүзүшкөн. Мындай кайрымдуулук кылган жигиттерге айыл тургундары ак батасын берүүдө.
Turmush
12.05.2017
http://www.turmush.kg/news:324558
Leave a Reply