Пекка Халбергдин «Мыйзам үстөмдүгү жана туруктуу өнүгүү» аталыштагы мейман дарсы уюштурулду

2017-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Финляндия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасындагы  БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Кыргыз Республикасындагы сот адилеттигине жетишүүнү кеӊейтүү» долбоору менен биргеликте Финляндиянын Жогорку административдик сотунун мурунку Президенти доктор Пекка Халбергдин «Мыйзам үстөмдүгү жана туруктуу өнүгүү» аталыштагы мейман дарсы уюштурулду.

Иш-чараны КР ТИМ Дипломатиялык академиясынын ректорунун м.а. Ч.Адамкулова куттуктоо сөзү менен ачып, доктор Пекка Халбергге, дарсты уюштуруучуларга жана конокторго ыраазычылык  билдирип кетти.

IMG_2804 IMG_2782

Доктор Халберг өз сөзүндө катышуучуларды Кыргыз Республикасы менен Финляндиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгы менен куттуктады жана презентациясынын негизги бөлүгүндө студенттердин назарына мыйзам үстөмдүгүнүн ролу, иш-милдеттери, ошондой эле  анын туруктуу өнүгүүсү жөнүндө маалыматтарды сунуштады. Иш-чарага Астана ш. Финляндиянын элчилик миссиясынын башчысынын орун басары  Катя Карппинен, Укукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрү (IDLO), Кыргыз Республикасындагы  БУУнун Өнүктүрүү программасы, көз карандысыз журналисттер, ошондой эле Академиянын профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери катышты.

12.05.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*