Мамлекеттик бюджеттин 2 пайызы гана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоого бөлүнөт

183899_1183899_2

Өлкөдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар күн сайын түрдүү тоскоолдуктарга кабылат. Алар үчүн билим алууга, өз алдынча жүрүүгө, эмгектенүүгө дегеле татыктуу жашоого шарттар түзүлбөгөнүн бүгүн, 14-апрелде “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосун социалдык жактан жакшыртуу” фондунун эксперти Бурул Сүйүналиева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, шарттарды жакшыртуу үчүн “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу жөнүндөгү” конвенцияны ратификациялоо керек. Кыргыз өлкөсү бул конвенцияга БУУнун Башкы ассамблеясы кабыл алгандан кийин, 2011-жылы кол койгон. Бирок ратификациялоого азырынча мамлекеттин кызыкчылыгы жок.

“Мамлекеттин жалпы бюджетинин 2 пайызы гана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды социалдык жактан колдоого бөлүнөт. Башкача айтканда, бул тармак акыркы орундарга коюлган. Эгер конвенция ратификацияланса эл аралык документтердин негизинде мүмкүнчүлүктөр жакшыртылат”, – дейт юрист Толкунбек Исаков.

Маалымат жыйында белгиленгендей, конвенциядагы укуктарды ишке ашырууга канча каражат сарпталарын ведомство аралык 16 мүчөдөн турган комиссия эсептеп чыккан. Комиссиянын эсебинде бул үчүн 30 миллиард сом акча каралат. Анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосун теңдештирүү, алар үчүн инфраструктураны жакшыртуу жана социалдык турак жай менен камсыздоо каралган. Конвенцияны ратификациялоо он жылга мерчемделген.

“Бишкек шаарынын 2016-жылдагы бюджети орто эсеп менен 8 миллиард сом болсо, 312 миллион сом социалдык колдоого кетип жатат. Бирок бул каражаттын баары даректүү колдонулду деп айта албайм. Себеби кээ бир майыптык боюнча тизмеде тургандар эбак кайтыш болуп кеткен же 3 кабаттуу тандамал үйдө жашайт. Ошондой болсо да жөлөк пулдар чыгып турат. Айтор, бул тармакты тескеп туруу талап”, – деп кошумчалады Толкунбек Исаков.

Автор: Кызжибек Раимова
Фото: Кызжибек Раимова
14-04-2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*