ИИМ: үч айда 1800дөн ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 1850 учур катталса, алардын экөө адам өлүмү менен коштолгон. Бул убакыт аралыгында 65 кылмыш иши козголуп, калгандары административдик жазага тартылган. Катталган фактылардын басымдуу бөлүгү күч колдонуу, экинчи орунда психикалык зомбулук турат. ИИМдин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын өкүлү Таалай Алижановдун “Азаттыкка” белгилешинче, соңку учурда ушул маселе менен кайрылгандар көбөйдү. Өткөн жыл ичинде кайрылгандардын саны жети миңден ашкан.

БУУ акыркы баянында Кыргызстанда аялдарга карата үй-бүлөдөгү зомбулук жана жумушсуздук өскөнүн, үй тиричилиги менен алектенген аялдар эмгекке жарамдуу калктын 72 пайызын түзөрүн жарыялаган. Ошондой эле аялдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 2014-жылы 29 пайыз болсо, 2015-жылы 32 пайыздан ашканы да белгиленген.

15-апрель, 2017

http://www.azattyk.org/a/28432044.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*