2016-жылы балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөр боюнча миң кишиге кылмыш иши козголгон

2016-жылы балдарга зордук көрсөткөндөр боюнча миң кишиге кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде турмуштун оор кырдаалына кабылган аялдар менен балдарга жардам көрсөтүү боюнча өткөн тегерек столдо айтылды. Балдарды коргоо уюмдарынын ассоциациясынын юристи Мирлан Медетовдун айтымында, 2015-жылы балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндүгү үчүн өлкөдө 1100 адамга кылмыш иши козголгон. Ал эми 2016-жылы 1000 кишиге кылмыш иши козголуп, көрсөткүч 10 пайызга төмөндөгөн. “Зордук-зомбулукка кабылган балдардын саны мындан көп болушу мүмкүн. Себеби балдардын ата-энеси менен балдарды кордогондор өз ара чечимге келишип, зомбулук көрсөткөндөр сот жообуна тартылбай калууда”, – деди юрист. Тегерек столдо аялдарга көбүнчө күйөөсү жана анын туугандары тарабынан зомбулук көрсөтүлөрү айтылды. Мындан сырткары зордукка кабылган бала менен эне бирге жашашы керектиги баса белгиленди. “Эне менен бала чогуу жашашы керек. Анткени аралык алардын ортосундагы сезимдердин жок болушуна алып келет. Акыркы жылдарда аялдарга жана балдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук азайып кеткен жок. Мындан улам жардам берүүчү бардык борборлордо эне-бала чогуу жашай турган бирдиктүү стандартты кабыл алуу зарыл”, – деди Ажар Мамбетсеитова. “Боорукерлик” борбору алты ай аралыгында 98 адамды убактылуу жашоого кабыл алса, алардын 46сы аялдар, 52си жаш балдар.

Фото: Кызжибек Раимова

Автор: Кызжибек Раимова

12-04-2017
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/183457/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*