ЖАЛГЫЗ БОЙ ЭНЕ 4 БАЛАНЫ БАГАТ. «МАЙЫП КЫЗЫМДЫ СҮЙРӨП ЖҮРҮП УНАА ЖУУЙМ» (видео)

Бишкек шаарынын четиндеги унаа жуучу жайлардын бири. Сыртынан кадимкидей көрүнгөн бул жерде бою кичинекей, арыкчырай эженин кезектеги унааны жууп жатканын байкаса болот. Бул эженин жанында көбүнчөсү майыптардын арабасында отурган 10 жаштардагы кызды көрүүгө болот. Эне деген эне экен, алдан-күчтөн тайып, оору колдон-буттан алган күндө да 4 баласын багам деп күнү бою колу муздак суудан чыкпайт. Кезектеги каарманыбыз Асыл Эсенгулова 17 жылдан бери унаа жуугуч болуп иштеп келет.

“ЖЕТИ БАЛАМДЫ ТЕҢ ҮЙДӨН ТӨРӨП, КИНДИГИН ӨЗҮМ КЕСТИМ”

– Мен Нарын облусуна караштуу Ийри-Суу айылынан болом. 10-классты бүткөндө эле ала качып кетишкен. Кыргыздын салты ушул экен деп отуруп калдым. Жолдошум башынан эле ичимдикке жакын болчу. Ичип келип мага кол көтөрчү. Экөөбүз жети балалуу болдук. Анын төртөөсү чарчап калды. Жетөөнү тең үйдөн төрөп, киндиктерин өзүм кескем. Анткени төрөт үйү дагы акча да. Эркек балдарым токтобой койду, 1989-жылы төрөлгөн уулум да тубаса майып болуп төрөлгөн. Ал дагы баса алчу эмес, аны 19 жыл колума көтөрүп бактым. Ал жакында эле кайтыш болуп калды. Жолдошумдун ичкиликке берилгендигинен бир кыз, бир уулум да майып болуп төрөлдү. Учурда улуу кызым, бир неберем, мектеп жашындагы балам, анан майыптардын арабасындагы кызым менен бирге турам.

“БАСПАГАН КЫЗЫМДЫ ҮЙДӨ КАЛТЫРАЙЫН ДЕСЕМ, ЭПИЛЕПСИЯСЫНАН КОРКОМ”

– Өзүм 18-19 жашымдан тарта эле райондук ооруканада пол жуугуч болуп иштедим. Борборго келгени 4-шаардык ооруканада да пол жууп иштегем. 2007-жылы жолдошумдун туугандары аны Казакстангабы же Орусиягабы, айтор, иштетебиз деп алып кетишкен. Ошол бойдон дайынсыз, туугандары болсо “каза болгон” дешет. 17 жылдан бери кичи автобустарды жууп иштеп келем. Сүйрөп жүргөн кызым 10 жашта. Бир бөйрөгү жок төрөлгөн, көрүүсү начар, эпилепсиясы бар. Азыр бир бөлмөлүү тар үйдө беш киши күн кечирип келе жатабыз. Батирге электр энергиясынан тышкары 3500 сом төлөйбүз. Электр энергиясына төлөм 2000 сомдон ашып кетип жатат. Таңдан кечке чейин баспаган кызды сүйрөп алып унааларды жууйм, кышы-жайы дебей колум муздак сууда жүрүп бөйрөгүм ылдый түшүп кетиптир. Полиартрит деген дарт жабышып, буту-колум какшап ооруйт. Азыр дагы жакшы, унаа жуучу жай ачылып калды. Мурун чоң бачокторду көтөрүп алып жолдун аркы өйүзүнөн бери жагына суу ташычубуз.
Батирлеп жүрүп тажадым. Шаардын кайсы гана жагына батирге чыкпадык. “Балаң көп экен” деп батир ээлери көп учурда киргизишпейт. Айла жок суранып жатып, чыгарып жибербесин деп эшигинин алдындагы таштандыларды кошо тазалап берип жашайбыз. Улуу кызым чоңоюп калганы менен, оорулуу, кол арага жарабайт. Башы ооругандыктан, үйдө эле отурат. Ушул төрт баланы жалгыз багып келе жатам. Башка жакка көчүп кетейин десек, батир акысы кымбат, анын үстүнө жалгыз үмүт кылган уулумду мектептен тосуп келе албай калат экенмин.
Кээде маршруткалардын көбү жуудурбай кетип калат, андайда бир күнү наны, экинчи күнү чайы жок калабыз. Мечиттин жанында жашагандыктан бир молдо келип, “эже, уялбай эле жума күндөрү мечиттин жанына барып отуруңуз, ошол жактан адамдар жардам берип калар” дегенинен айла жок кайыр суроого туура келет. Андайда бир күнү 1000 сом же 700дүн тегерегинде акча түшүп калат. Унаа жуучу жайдын жумушу кыштын күндөрү 9да, жайында 8де башталат. Анан кечки алтыга чейин ошол жакта кызымды жаныма алып жүрүп ысык-суукта унаа жууйм. Башка айла барбы? Үйгө таштап кетейин десем, ал сийген-чычканын билбейт, анан үйдөгү кызым аны жуунта албайт да. Анын үстүнө майыптардын арабасындагы кызымдын эпилепсиясы бар, анысы кармаса дагы бир нерсе болуп кетпесин деп жумушка да сүйрөп алам. Балдарымды ошол унаа жуучу жердеги ашканадан тамактандырам. Бул жерге көчүп келгенибизге 3 айдын жүзү болду. Электр энергиясы бат-бат өчө бергендиктен кошуналардын самоорун сурап, эшикке от жагып чай кайнатып ичебиз.

“ДАРЫЛАНАЙЫН ДЕЙМ, БИРОК БАЛДАРГА КИМ НАН ТААП БЕРЕТ?”

– Кээде буту-колум ооруп тура албай калам. Ооруканага жатып дарыланайын десем, бул балдарга ким нан таап берет? Эртеден кечке иштеп кээде араң эле 200-300 сом табам. Ал күнүмдүк ичкен ашыбыздан артпайт. Айдоочуларга рахмат, балдар кичине кезинде ыйлап жатса, мен унаа жууп жатканда терметип сооротуп турушчу. Өкмөткө кайрылып жер тилкесин сурасам, “сиздин шаарда каттооңуз жок, үйүңүз жок, анан кантип жер тилкесин бермек элек?” дешет. Жер тилкесин бербесе го мейли, балам каза болгондо жерге берели десек, жер бербей кууратышты. Акыры бир молдонун жардамы менен Арча-Бешиктеги мүрзөдөн бир жер тилкесин алдык.
Балдар менен минтип кыйналып жүрүп туугандарым менен деле катышпай калдым. Алар бир туугандай эмес, баары тең мерез. Алар “балдары оорулуу” деп мени теңине алышпайт. Жардам бергендин ордуна “балдарыңды балдар үйүнө берип эле, өз жаныңды бакпайсыңбы” деп чыгышкан. Кантип мен ичимден чыккан балдарды таштап кетмек элем?! Жадакалса уулум өтүп кеткенде да бир келип топурак салып кетишкен жок. Аларга караганда бөтөн кишилерден жакшылык көрүп жатабыз. Күн сайын Кудайдан көзүм өтүп кеткенче тоокканадай болсо дагы өз үйүбүзгө жетип алсак деп тилейм.

Күндүн ысыгында, кыштын суугунда майыптардын арабасындагы кызы апасынын жумушу бүтөр убактысын күтүп жанында отурат.
“Бир унаанын ичин, унаа жуучу жайды жууганым үчүн 35 сом алам”.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

Автор видео: Максат Орозумбетов
Оператор: Айбек Алимов

6-апрель, 2017-ж

https://www.super.kg/mobile/article/?article=40097

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*