Кылымга тете жашаган кыргызстандык көзү азиз аял өмүр бою пенсия алган эмес (фото)

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда жүз жылга чукул жашаган Шарапат Мамаюсупова ушул күнгө чейин пенсия алган эмес.

Анткени тийиштүү документтери толук болбой келген. Көзү азиз эненин үч кызы бар. Ушул күнгө чейин Мамаюсупованын документтерин бүткөрүп, паспорт алып берүүгө кызыктар адам болгон эмес. Бирок ал майыптыгы үчүн жаштайынан мамлекеттен жөлөк пул алып келген. Ал да 2016-жылы паспортунун жоктугунан улам токтотулуп калган.

Шарапат Мамаюсупова Сузак районунун Арал айылынын тургуну. Өзүнүн айтымына караганда, быйыл 103 жашка кирген. Ал Сузактын Бекабад айылында төрөлүп, бирок туулгандыгы боюнча күбөлүк алган эмес. Өздүгүн тактаган документтин жоктугуна карабай, ошол учурда мүмкүнчүлүгүнүн чектелгенине байланыштуу жөлөкпул алып келген. Социалдык колдоо алган документинде болсо, 1934-жылы туулуп, 1961-жылдан тартып жөлөкпул ала баштаган делген.

Буга чейин ага документ алып берүүгө кыздары аракет кылган эмес. Бирок кийин, 2015-жылы небереси паспортко чуркай баштаган. Бирок тийиштүү тараптардан алгылыктуу жооп болгон эмес экен. Паспорт алып берем дегендерге 3-5 миң сом берип, акчадан же документтен жок калган. Паспорт алуу иштеринен кыйналып кеткен соң, аракет кылбай да коюшкан.

Мамаюсупованын паспорттору жок болгон менен нике тууралуу күбөлүгү бар. Жолдошу Өзбекстандан келгенден көп өтпөй эле каза болуп калган экен. Кылымга тете жашаган эненин пенсия албай келгенин айыл өкмөттөгү адистер билишет. Бирок ага эч кандай жардам бере албастыгын, жөн гана ушул аймакта жашаарын тастыктаган тактаманы гана бере алышаарын айтышат. Ал эми буга жооптуу паспорт столдогулар өздүгүн тастыктаган документти туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо анан беребиз дешет.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк Сузак райондук жарадык актыларды каттоо бөлүмүнөн берилет. Аталган мекеме жетекчилигинин бул тууралуу буга чейин кабары болгон эмес. Жакында прокуратура тарабынан аталган жарандын өздүк күбөлүгүн тактоо тапшырмасы келди.

Ал эми жарандык актыны каттоо мекемесинин архивиндеги издөө иштеринин жыйынтыгы 10 күн ичинде прокуратурага берилет. Анын жыйынтыгында Мамаюсупованын документтери такталып, паспорт алуу мүмкүнчүлүгү жаралышы ыктымал.

http://www.asianews.kg/zhanylyktar/kylymga-tete-zhashagan-kyrgyzstandy-kkozuazi-zayalomur-boyu-pensiya-algan-emes-foto

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*